www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгерде коронавирус инфекциясына каршы дүйнөдө кескин чаралар көрүлбөсө, оорунун экинчи толкуну алда канча коркунучтуу болоорун Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) Европадагы регионалдык бюросунун директору Ханс Клюге билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

"Эгерде коронавирус инфекциясына каршы чаралар эртерээк көрүлбөсө, экинчи толкуну аябай эле коркунучтуу болот", - деген Клюге.

Мындан тышкары ал коронавирустун экинчи толкуну сөзсүз түрдө болорун жана көптөгөн өлкөлөр чектөө чараларын алып салгандыктан, инфекциянын кайра кеңири жайылуу коркунучу бар экендигин айткан. Клюге чектөөлөрдү алып салуу боюнча сак болууну, ошондой эле кырдаалдын өнүгүшүнө ар дайым көзөмөл кылып турууну сунуштады. Ошол эле учурда ал коронавируска каршы вакцина али чыга электигин белгилеген.

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясы 6 миллион 399 миң 876 адамдан аныкталды. 380 миң 662 адам каза болсо, 2 миллион 743 миң 777 бейтап айыгып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости