www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кой-Таш окуясында каза болгон полковник Үсөнбек Ниязбековдун апасы, акын жана жазуучу Өктөм Мамаева Алмазбек Атамбаевдин жанындагы сабатсыздардын айынан ушул окуя болду деп эсептейт.

“Бул дүйнөдө энелер баласын жоготпосун, энелер боздобосун, эмнеге дегенде эгемендүүлүктү алгандан бери 30 жыл болду. Канча эне боздоду. 1990-жылы Ош окуясынан, Аксы окуясынан, 2010-жылдагы Апрель окуясынан эл эмне утту?

Эл эч нерсе уткан жок да. Барган сайын мыйзамды бузгандардын күнү тууп, бир ууч эле адамдар байып жатат. Мен Санкт-Петербург шаарында 22 жылдан бери жашайм. Балдарды, кыздарды окутам деп кеткен элем, мекен үчүн балам Үсөн калган. Бул жакка келип, сотко катышып жатам. Кыргызстанда юристтердин укуктук талаада сабатсыздыгын көрүп атам. Үч айдан бери сот болгон жок, шектүүлөрдүн баары түрмөдө жатышат. Биздин бийликтин укук коргоо талаасындагы сабатсыздыгынан ушундай болуп жатат.

Сырттан караганда, терроризм деген сөз акыркы жыйырма жылда пайда болду. Террористтер көзгө көрүнбөй зыян келтиришет. Ошондуктан алар өтө коркунучтуу, эң азаптуу. Россияда дагы терроризмге каршы мыйзамдары бар, алар өлгөндө сөөгүн көмгөнгө бербейт. Ошол көрүнүштөр Кой-Ташта болду да, өздөрү элге көрүнбөстөн, бийликти басып алуу, так талашуудан ушундай болуп олтурат. Ок-дарыны коюп алып, ок атуу болду. Ошол окту атпай койсо, менин балам өлбөй калышы мүмкүн эле да.  СССРден корккон Гитлерге окшоп, жанына Еваны алгандай болуп, чала сабат, саясатчы үч аял ошого алып келди. Мен мисалы, Алмазбек Атамбаевди күнөөлөбөйм. Анын тегерегиндеги саясатчылар ошол абалга алып келди” - деди Өктөм Мамаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости