www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Аалам» жана «Кенч» соода комплекстеринин жетекчилерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан өлкөдөгү социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле коомдук нааразычылык жана чыңалуу үчүн өбөлгөлөрдүн пайда болушуна жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында «Аалам» жана «Кенч» соода комплекстеринин соодагерлеринин жамааттык арызынын негизинде, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган соода комплекстеринин директору И.А.К. жана ээси М.В.П. максималдуу пайда алуу жана тиешелүү салыктарды төлөөдөн качуу максатында жасалма ижара келишимдерин түзүүнүн, ошондой эле укук белгилөөчү документтерди көрсөтпөстөн, белгиленген тартипте коммерциялык жайларды сатуунун мыйзамсыз схемасын уюштургандыгы аныкталды.

Чындыгында, сатуу жайларынын наркы жана соодагерлер төлөгөн ижара акысынын өлчөмү салык отчеттуулугунун алкагында жооптуу адамдар берген расмий суммадан бир нече эсе көп болгон.

Салык органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин натыйжасында аталган адамдардын мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган бухгалтердик жана башка документтер табылып алынды.

Белгилей кетсек, «Аалам» жана «Кенч» соода комплекстеринин жетекчилиги өздөрүнүн аракеттеринин мыйзамсыздыгын толук түшүнүп, жасаган иштерине өкүнүп, азыркы этапта соодагерлердин ижара акысын 30%га арзандатуу боюнча иштерди баштаган.

Ошондой эле аталган кылмыш ишинин алкагында салык карызынын суммасын жана мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча салыктык текшерүү жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары, УКМК тарабынан «Аалам» жана «Кенч» соода комплекстерин курууда уруксат алуунун мыйзамдуулугун аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары башталды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости