www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 17-июлда Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү, экс-депутат Аида Касымалиеванын ата-энеси Ысык-Көлдөгү жол кырсыгында каза тапканы маалымдалган. Жол кырсыгында 68 жаштагы жубайлар менен кошо алардын 9 жаштагы небереси мүрт кеткен.

Бүгүн, 18-июлда жол кырсыгынан жабыркап, ооруканага жеткирилген дагы эки небереси каза болгону маалымдалды. Анын бири 9 жаштагы эгиздин түгөйү жана 14 жаштагы өспүрүм кайтыш болду. Унаада жубайлардан тышкары беш бала болгон. Беш баланын баары Аида Касымалиеванын агасы Мыктыбек Касымалиевдин балдары. 14 жаштагы кыз реанимация оор абалда жатат, ал эми 17 жаштагы өспүрүм палатага которулган.

Экс-депутаттын апасы Бактыгүл Мырзаева 1999-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Ош облустук китепканасынын директору болуп иштеп келген.

Последние новости