www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Климаттын глобалдык өзгөрүшүнөн улам акыркы убакта дүйнөдө жаратылыш апааттары арбып, аларды токтотуу да оор болуп жатканын Bloomberg жазды.
Агенттик белгилегендей, ЖМКда Батыш Европа менен Кытайдагы суу ташкыны, АКШ менен Канададагы аптап, Сибирдеги өрт, ошондой эле Түркия менен Түндүк Африкадагы температуранын +50 градуска көтөрүлүп, рекорд коюшу тууралуу маалыматтар байма-бай жазылууда.
Немец метеорологу Йоханнес Кваасанын айтымында, климаттын кескин өзгөрүшү мындан ондогон жылдар мурда атмосферага кир абанын тарашынан башталган. Буга кошумча, планетанын 1,2 градуска ысыганы байкалып жатат.
Bloomberg адамзат зыяндуу заттарды азайтуу аракеттерин кылганда деле глобалдык жылуулуктан кутула албай турганын белгилеген. Ушул кылымдын аягында Жердеги температура 0,3 градустан 0,8 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонууда.
Булак: NazarNews.kg