www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орустар июнь айын бүтүндөй Пушкинге арнаган. Пушкиндин көзү өткөндө ак падыша эл дүрбөп кетпесин деп, сөөгүн арабага жүктөтүп алыска жөнөткөн экен. Аракканага (трактир) арабакеч токтоп, ары-бери өткөндөр: «Бул байкушту иттин өлүгүндөй кылып каякка алып баратасың?» -дешет. Пушкиндин көзү өткөн соң даңазасы чыккан. Айтматов акыретке июнь айында кеткен. Ал көзүнүн тирүүсүндө далай дүйнөлүк классиктерди боздоткон.
Дүйнөлүк классик Александр Твардовский Чыңгыз Айтматовдун жазгандарын аңдып турчу. Ал эмнени жазса, ошол замат «Новый мир» журналына чыгарып турчу.
Нобель сыйлыгынын лауреаты Михаил Шолохов күчтүү эпопеяларды жазган. Ал «Тынч дон» деген 4 китептүү эпопеясында орус-казактардын таралуу санжырасын айткан. Бул китептин башкы каарманы болгон Пантелей Мелеховдун чоң аталары түркчө сүйлөшкөн. Орус-казактар түрк урууларынан чыкса керек. Орустар империя түзгөн соң да өз тилдерин унутпай жүрүп, ХIХ кылымдарда гана өз тилдерин унутушкан. Орустар Москва диалектине таянышып, ар кайсы элдерди өздөрүнө кошуп, орус калкынын санын көбөйтүп жиберишкен. Бир чагатай тили менен келаткан түрк элдери ар ким өз алдынча кетип, тилдери бирикмек тургай башка-башка элдерге айланышты. Шолохов Айтматов жөнүндө жакшы пикирде болгон.
Дагы бир орус классиги Валентин Распутин Айтматовдун «Бетме-бет» повестинин сюжетин уурдап «Живи и помни» повестин жазып дүйнөлүк деңгээлге чыккан.
Мухтар Ауэзов Айтматовду биринчилерден баалаган. Луи Арагон «Жамыйла» повестин француз тилине которуп дүйнөгө «путевка» берген. 1958-жылы Москвада жарык көргөн «Жамыйла» повести атактуу жазуучулар Мухтар Ауэзов менен Луи Арагонго жагып Айтматов дүйнөлүк даңазага ээ болгон. Мухтар Ауэзов казактын, ал эмес дүйнөнүн алпы болуп турган. Айтматов ааламды титиретип, дүйнөлүк классиктерди боздоткон көп эле чыгармаларды жазган.
Анын жылдызынын жанганы Усубалиевдин заманына туш келген. 1968- жылы Кыргызстан КП БКнын экинчи секретары Семененко, Министрлер Советинин төрагасы Болот Мамбетов 40 жаштагы Чыңгыз Айтматовду Усубалиевдин ордуна алып келиш үчүн ага каршы «заговор» уюштуруп, бирок Усубалиев билип калат да Политбюрого биринчи жетип, ордун сактап калат. Натыйжасында Семененко, Болот Мамбетов кызматтарынан айдалышып, Болот Мамбетов Москвада жүрүп көзү өтүп ошол жакка коюлат. Айтматов 1973-жылы СССРдин диссиденттери Солженыцин, Сахаровдорду коргоп чыгат. Ал эми 1978-жылы 50-жылдык тоюн Фрунзеде өткөзгөндө ага ошол кездеги атактуу акын Жоробек Султаналиев 300 куплет ыр жазып алып барыптыр, Айтматов костюм кийгизип: «Жоке, эми отуруп сый көр» -дептир, «Жок, ырчы деген отурбайт, ырчыны башка тойлор күтүп жатат»-деп рюмкадагыны жутуп, чыга жөнөптүр. Айтматов узата чыгыптыр, Жоробек: «Балдарым Чыкенин тоюнан кур кайттыңбы десе эмне дейм» -дептир, Чыңгыз: «Кокуй алып келгиле» -деп бир баштык толтура арак-шарап, таттуу-паттуусу менен эшикте күтүп тургандарды тойгузган экен. Ошол Жоробек бир күнү Айтматовдун үйүнө барып: «Чыңгыз байкем тушунда, тумаксыз калдым кышында» -дептир. Аалам менен акчаны сапырып турса да Айтматов байлыкка абдан сарамжал эле дешет. Кыйылып жатып тумагын берди дейт, анан: «Жоробек эмне мага эле келе бересиң Сүйүнбай, Сооронбайга барсаң деле бермек» -дептир. Жоробек да жөн сүйлөбөй: «Кыргызда экөөбүздүн гана баш размерибиз бир» -десе Айтматов каткырып кала бериптир. Жоробектин афоризмдерин казактар чыгарышып Айтматовду чыгарбай койот, Жокең Айтматовду аңга түртүп, өзүн таластыктарча асмандатып жаткан дейт. Аңгыча Айтматов өтүп баратыптыр дейт. Аны көрүп артынан жетип барган Жоробек ийиктей чимирилип турат дейт. Чыкени чыңырта мактады дейт, келгенде эле ага «штурм» жасап, Айтматовду өлө мактадың го десек, сөз бербеген Жоробек: «Халтурщиктерди мактап жатып жоготуш керек» -дептир. Эми бары жок, Жоробектин көзү өткөндө сөөктү жайына берерде Айтматов жетип барып, мага кабар айтпай, бирөөлөрдөн угуп келдим дептир. Айтматовдун да көзү өтүп дүйнөдө чыгармалары 178 тилге которулуп, чыгарылышы боюнча Толстой, Шекспир, Бальзак сыяктуулардан ашып турганын Гиннес китеби кабарласа да, өз жердештеринин сынына кабылып турат мунун себеби эмнеде?
Кайра куруу керимсели СССРди чайкап 1986-жылы дүйнөлүк атак-даңкттуулар менен Айтматов «Ысык-Көл» форумун түзгөн. 1989-жылы Масалиев, Акаев, Сыдыков жана башка 30дай адам СССР Жогорку Советине депутат болушкан. Горбачев СССРге президент болгондо кадыр-баркы ашып-ташып турган Айтматовду президентке кеңешчи кылып алган. Айтматов ал кезде «Плаха» деген кыргыздын тиши оңой менен өтпөгөн романын жазды. Негизи Айтматовдун чыгармаларын айылдашы Ашым Жакыпбеков орусчадан кыргызча ийне –жибине жеткире которуп бере турган: «Гүлсарат», «Эрте келген турналар», «Ак кеме», «Кызыл алма», «Фудзиямадагы кадыр түн» , «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт», «Делбирим», «Бото көз булак», «Кылым карытар бир күн» өз эне тилине табына келтириле которулган. Бир гана «Кыямат» (Плаха) романынын жарымын гана которгон. Албетте, Айтматов орусча жазчу, аны жүздөгөн тилге которуп кетчү.
1990-жылы 22-октябрда Кыргыз Жогорку Совети ишин баштайт. Президенттикке КП БКнын биринчи секретары Масалиевди А. Жумагулов көрсөткөн. Апас Жумагуловду альтернатива кылып Ж. Сааданбеков көрсөткөн. Буга ал кезде «кыргыздын Нурсултаны» атка конуп бараткан Жумгалбек Аманбаев кошулат. Жашыруун добуш берүүдө үчөө тең добуш ала албай, ачык добуш берүүгө Масалиев менен Жумагулов чыгышып, Масалиевге 4 добуш жетпей экөө тең жыдып калышат. Элдин оюу Чыңгыз Айтматовго барып такалышат. Арийне, Айтматов президент болуудан баш тартып Акаевди сунуш кылат. Айтматов Акаев менен СССР Жогорку Советинде бирге депутат болуп, бүт орто Азиядан экөө гана трибунага чыгып сүйлөп турган. Ал менен атаандаш катары А. Муралиев, Б. Осмонов, Н.Исанов, С. Аблесов, Э. Дүйшеевдер коюшуп биринчи орунду Акаев 147, Исанов 74 добуш алып чекке жетишпей калат. Экинчи турда Акаев 4 добуш ашып 179 добуш менен 1990-жылы 27-октябрда президент болот. Балким Айтматов талапкерин койгондо биринчи турда эле алып кетмек.
Башкаларга өтө сарамжалдуу, өзү үчүн «өгүздөй кара күчү бар» Айтматов президент болсо кандай болмок? Айтматовдун дүйнөлүк жазуучу болгону менен адамдык пенде катары кыргыздын каада-салтына маани берген эмес. Керез эжеге аксакалдарды ортого салып, жаш аял алууну айттырганы бар, Керез эже буркан-шаркан түшкөн экен. Партиянын заманында коммунист Айтматовго экинчи аял алуу тоскоол болгондур, бирок экинчи аял алганын эч бир кыргыз өгөйлөбөйт. Бир гана балдарынын энеси, өмүр боюу Айтматов үчүн жашаган Керез эже жарык дүйнө менен кош айтышканда көз көрсөтпөй, топурак салбай койгону ааламды миллион мактап даңазаласа да, адамкерчиликке жатпайт.
Сталин айткан атасы үчүн баласы жооп бербейт деп. Баласы үчүн атасы да жооп бербейт. Акаевдин заманында Кумтөргө Бирнштейнди таап канадалыктарга салып берген Элдар, Санжар Айтматовдор болгон. Балким Бирнштейн Насирдин Исановдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтышына себепкер болгондур, бирок булардын улуу жазуучу Айтматовго тиешеси жок. Кыргыз эли оор кырдаалдарга тушугуп турган Акаевдин заманында улуу гуманист жазуучу Чыңгыз Айтматов Европанын «ажайып тешигинен» чар тарапты карап турган.
Июнь айында Чыңгыз Айтматов көз жумду. Айтматов тиги дүйнөгө кетер алдында Европадагы кызматтарынан бошотулган. Балким ал катуу тийдиби? Таякелери Казанга барганда катуу ооруп калат, Казанда деле анын ден соолугун сактап кала турган мыкты дарыгерлер бар да, анда эмнеге бекер дарылайт деп Германияга учкан? Же акча өмүрдөн да кымбатпы?
Айтматовго каршы негативди топтогон «Жамила» повести. «Жамила» чет мамлекеттерге абдан жаккан. Анткени, СССРди талкалай албай турган Батышка Улуу Ата Мекендик согуш учурунда согушка кеткен күйөөлөрүн чанып кыргыз келиндери Жамилага окшоп башка улуттагы эркектердин колун жетелеп качып кеткен деген пиар жүрүш керек эле. Күйөөсү согушка кеткен келиндер, өлүп калса да күтүшкөн. Анын барын бир Жамила бырын-чырынын чыгарып кетти. Айрыкча казак Даниярдын ордуна «жүн башты» коюп Голливуд кино тарткан соң, кыргыздарды жапайы калкка теңеп, СССР эл артисттерин акча үчүн бок-сакка аралыштырып, бок менен беттерин сүйкөткөн соң, улутубуздун намысы ылдыйлап калды. Голливуд Жамиласына теңелебиз деп кыргыз кыз-келиндери чет элдик жарандардын алдында кыргыз жигиттерин кемсинте баштады. Айтматовдун чыгармаларынын ичинде жүрөктү өйүгөнү «Ак кеме». Орозкулдун образы менен дүйнөгө зордукчул, аялын мындай койолу кайынатасына өкүмдүгүн көрсөткөн кыргызга айландык. Анткени дүйнөдө Толстой, Достоевский, Тургенев, Шолохов, Бунин, Солженыцин сыяктуу ар нерсени айткан алптарыбыз жок, дүйнө кыргызды Айтматов аркылуу гана тааныйт. Кыргызстандын чегинен чыккан соң эски муун кыргызды Айтматовдун чыгармалары боюнча тааныйт. Ал боюнча кыргыздар кайынаталарын топтой тепкилеген зөөкүр, кыргыздардын кыз -келиндери өздөрүн чанып чет элдиктер менен кете беришет, кыргыздар кыргызча чала моңол сүйлөшөт. Байыркы эл кыргыздардын мындай кемсинтилип турушу боордош түрк элине да майдай жагат. Туулган жерин даңктап чыгышкан Ал-Фараби, Махмуд Кашкари, Низами, Мухтар Ауэзов сыяктуулар. Чыңгыз Айтматовго Нобель сыйлыгы берилген жок. Бирок, Түркиянын жазуучусу түрк элин даңазалаган Орхан Памук Айтматовдун көзү тирүүсүндө 2006 - жылы Нобель сыйлыгын алган. Эгер түрк эли Айтматовду ошончо кадырлай турган болсо биригип Айтматовго эбак Нобелди алып бермек, түрк элдери кыргызды мазактап туруш үчүн Айтматов керекпи деп ойлоп кетем.
Айтматов кыргыз элинин тоосу, тиреги. Орусия СССР эмес, Айтматовду эбак унуткан. 80-жылдары «20-кылымдагы советтик дүйнөлүк классик адабиятчылар» курсунда орустардын арасында жалгыз Айтматов окула турган. Кыргызды Айтматов аркылуу таанычуу. Сыймыктанчубуз! Бирок эми Орусия Айтматовду сүрүп чыгарып, кыргызды дүйнө Айтматовдун чыгармалары боюнча таанып жатканда эмне кылабыз?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»