www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Балбак Түлөбаев, Кыргызстанда каалаган убакта шайлоо өткөрө берсек болот жана президент тарыхта кала турган иштерди кылды, деген пикирин айтты. 

— Укукчу айым Клара Сооронкулованын айтканында жан бар. Аракеттеги баш мыйзам боюнча Президенттик кызмат мөөнөтү 5 жыл. Садыр Жапаровду биз 2010-жылдагы баш мыйзам менен шайлаганбыз. Ал эми 2021 жылы жаңы баш мыйзам апрелде кабыл алдык ошондо кайра шайлоо болушу мүмкүн болчу. Бирок ал убактагы ахыбал буга жол берген эмес. Өлкө олку солку болуп өтө татаал убакыт эле. Экономика алсыз, коррупция менен кылмыштуулук мафиялык топтор өлкөнүн ичин ороп алып канын ичип жаткан. Саясий эрк жетпей биз алардан коркуп же көңүл кош мамиле кылып өлбө жаным өлбө деп калганбыз. Ошондон берки өзгөрүүнү жон терибиз менен сездик. Бийликке болгон ишеним, элдин көз карашы, пикири өзгөрдү. Кандайдыр бир деңгээлде стабилдүүлүк орноду. Эми каалаган убакта шайлоону өткөрө берсек болот..

Референдум менен президенттик шайлоону чогуу өткөрсөк менин пикиримче туура болчудай. Акчаны да, убакытты да үнөмдөйбүз. Эл да каалаганын кайра шайлап алсын. Элге барып шайлоого баруу бул демократиялык жол андан эмне коркуу керек. Бир убакта Түркияда жарым жылда 4 жолу шайлоо болгон. Мыйзам да жол берет, мен президентибизге кайрылат элем, элиңизге барыңыз андан кайра жаңы мандат сураңыз. Тарыхта кала турган иштерди кылдыңыз эл көрүп турат.

Эл тараза, эл баарын билет, эл чечет, - дейт Түлөбаев. 

Мирлан Дүйшөнбаев, эркин журналист

Последние новости