www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстанда уурулук үчүн 10,5 жылга соттолгон жарандын апасы камералаштары уулунун үстүнө кайнак суу куюп жиберишкенин билдирүүдө.
Анын айтымында, Вахдат шаарындагы абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 25 жаштагы уулу Салохиддин Саломов учурда түрмөнүн ооруканасында дарыланууда.
«Окуя бир жума мурда болгон. Чынында кандай болгонун так билбейм, уулум азыр сүйлөй албай жатат. Бирок мага камерадагылардын ортосунда жаңжал чыгып, ага уулум да катышканын айтышты. Эртеси ал уктап жатканда беркилер үстүнө кайнак суу куюп жиберишкен», — деди Савриннисо Саломова.
Ал окуя боюнча түшүндүрмө талап кылып Жазаларды аткаруу башкармалыгына расмий түрдө кайрылганын, бирок жооп жок болуп жатканын кошумчалады.
Азырынча абактагы жаңжалдын себеби жана Саломовдун үстүнө ким кайнак суу куйганы белгисиз.
Ал ортодо «Озоди» радиосунун аты-жөнүн айткысы келбеген булагы Саломов бир нече күндөн бери абактын ооруканасында жатканын ырастап, анын денеси 40% күйүп калганын билдирди.
2019-жылы май айында Вахдат шаарындагы бул абакта тополоң чыгып, 32 адам каза тапкан. Анын 29у абакта кармалгандар, үчөө түрмө кызматкери болгон.
Булак: NazarNews.kg