www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан активист Атай Бейшенебек СИЗО-1ден билдирүү жазды.
"Биздин аракет, тилек, максат - мамлекетти башкарып жаткандар - ачык иштесин, элдин үнүн уксун, адам укуктарынын корголушун камсыздасын, сөз эркиндигин буубасын!
Мына учурунда Кумтөр жана аны башкаргандар тууралу канча жаздык, айттык. Мэриянын айрым кызматкерлери, жетекчилери айлыктарын мыйзамсыз көбөйтүп алды деп канча какшадык, Салык Кодекси чийки, карапайым соодагерлер аркылуу контрабанда менен күрөшүү абсурд деп айттык эле, дагы айтабыз…
Акылбек Жапаровдун консалидациялашкан бюджет, кедейлик синдромунан айрылдык деген абстрактуу ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алгыла деп канча айтсак, укпай келесиңер… Баарына өз учурунда реакция кылбай - иштин баары бүткөндөн кийин камап, туура - ууру, эскерткенбиз, дегенден кайтыш керек!!!
Жоопкерчиликти кеңири карасаңар...", - деп жазган активист.
Булак: NazarNews.kg