www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абакта жаткан журналисттердин бөлмөлөрүндө тинтүү жүрүп «Ак ийилет, бирок сынбайт» деген жазуусу бар футболкалары алынган. Бул туурасында Temirov Live каналынын негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темиров фейсбук баракчасына жазды.

«Ак ийилет, бирок сынбайт» деген жазуусу бар футболкаларды абактагы журналисттер 5-июлда Бишкектин Ленин райондук сотунда өтүп жаткан соттук отурумга кийип келишкен.

Бул туурасында азырынча ЖАМК маалымат бере элек.

Эскерте кетсек, “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасында иштеген, иликтөө менен алектенген 11 журналисттин үйүндө быйыл 16-январда таң эрте милиция тинтүү жүргүзүп, кармап кеткен. Эртеси Биринчи май райондук сотунун чечими менен баары камакка алынган. Жети киши түрдүү себептер менен үй камагына чыгарылган. Ушу тапта бул иш боюнча шек саналып кармалгандардын ичинен төртөө: Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, акын Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева тергөө абагында.

 

Последние новости