www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абал. Туңгуч президенттин туңгуч кызы

“Кайран дүйнө, кайтаар дүйнө” деген экен, кыргыз накылында. Анын сыңарындай кезинде Өзбекстандын биринчи президенти И.Каримовдун эрке кыздары туурасында, айрыкча тун кызы Гульнара Каримова тууралуу эл оозунда далай кептер айтылып келген.

Атасы кайтыш болгондон кийин алардын, айрыкча Каримовдун улуу кызынын башында кара булут айланып, өз акыйкатын канчалык далилдегенге аракет кылса да, акыры Өзбекстандын жаңы бийлиги анын колуна кишен салган.

Эске сала кетсек Г.Каримова 2019-жылдан бери Ташкент облусунун Зангиат районунда жайгашкан №21 аялдар түрмөсүндө абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Соттук инстанциялар уланып отуруп 2020-жылы аталган мамлекеттин Жогорку соту анын 13 жыл 4 айга эркинен ажыраткан өкүмүн чыгарган.

Ошол эле жылы Г.Каримованын активдери делип Франциядан 10 миллион, эки айдан кийин өзбек бийлиги Швейцария мамлекети менен келишимдүү иш алып барып Швейцария банкынан Г.Каримовага таандык делген эсептен 131 миллион доллар Өзбекстанга кайтарылганы туурасында маалыматтар тараган эле.

Айталы дегенибиз, “тыйындын экинчи бетин” карайлы деген аракет. Г.Каримованын жактоочусу Фанни Маргайраз жакында укугун коргоп жаткан адамына зордук мамилеси колдолунуп жатканын айтып чыкты.

Жактоочу Ф.Маргайраз мындан эки жума мурун “Le Nemps” басылмасына Г.Каримова камакка алынгандан бери аралыкта бир жылдан ашык убакыт бою аны менен жолугушууга мүмкүнчүлүк ала албай келгенин, өткөн айда гана биринчи жолугушуу болгонун, ошол маалда Г.Каримованын колдорунда көк ала тактарды көргөнүн жана бул көрүнүштү Ф.Маргайраз адам укугуна карата кыйноо катары айтып чыккан эле.

Ал эми ушул эле өткөн жай мезгилинде Г.Каримованын кызы Иман өлкөнүн өкмөтүнүн ар кандай шылтоолорунан улам апасы менен жолугууга эч бир мүмкүнчүлүк болбой жатканын айтып чыккан. Ошондой эле анда бийлик анын апасына карата тыш дүйнө менен байланышты такыр эле үзүп салганын, кат-кабар алышуу мүмкүнчүлүктүрү жокко эсе экенин айтып чыккан жайы бар.

Бирок, Өзбекстандын туңгуч президентинин туңгуч кызына карата абактагы мамиле бардыгы мыйзам чегинде экенин, эч кандай кыйноо кыстоолор болбогонун Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин адам укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу (омбдусмен) өкүлү Феруза Эшматова кечээ журналистер менен болгон жолугушууда билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости