www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамга кандай өзгөрүүлөр кирүүдө жана ал эмнеси менен кооптуу?

- Экономика жана каржы министри бардык мамлекеттик сатып алууларды жеке электрондук соода аянтчаларын өткөрүүнү сунуштап жатат, алар жеткирүүчүлөрдү жана сатып алуучу уюмдардын купуялуулугун камсыз кылууга тийиш.

Эми элестетип көрүңүз, азыр мамлекеттик сатып алуулар бир гана бийликтин порталы аркылуу жүргүзүлүп, алардын планынан келишим түзүлгөнгө чейин сатып алуулардын ачыктыгын камсыз кылып келет. Өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин бир нече ЭСА (электрондук соода аянтчалары) пайда болуп, натыйжада жеткирүүчүлөрдүн ортосундагы чектелген атаандаштыкка, баалардын жогорулашына, сатып алууларга толук мониторинг жүргүзүүнүн мүмкүн эместигине, ачыктыктын жана айкындуулуктун төмөндөшүнө алып келиши толук ыктымал. Коррупцияга, анын ичинде бир катар коркунучтарга жол ачылат.

Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы менен соода аянтчаларын интеграциялоого кайсы каражаттар жумшалары түшүнүксүз, веб-сервистердин туура иштешин камсыз кылуу үчүн сервердин кошумча кубаттуулуктарын сатып алууга кеткен чыгымдарды ким жабат? Учурдагы порталга көптөгөн акча салынганына карабай, дагы деле иннвестиция кылып жатышат.

- Демилге коррупцияга жол ачат деп жатасыз, кандай коррупция туурасында болуп жатат?

- Мисалы, атаандаштыктын чектелишинен, ачык-айкындуулуктун, көзөмөлдүн жоктугунан пайдаланып, көптөгөн сатып алуучу уюмдар жана жеткирүүчүлөр жеке кызыкчылыктарын ойлошуп, же кимдир бирөөгө жагынуу үчүн товарлардын бааларын көтөрүп жиберүү коркунучу бар.

2020-жылдагы пандемия учурундагы зарыл болгон дары-дармектер ачык-айкындуулуктун жана көзөмөлдүн жоктугунан улам жогорулатылган баада сатылганын баарыбыз эле билебиз да.

- Бардык мамлекеттик сатып алуулары жеке электрондук соода аянтчаларга өткөрүп берүү менен экономика жана каржы мистрлиги эмнени көздөп жатат? Демилгенин максаты кандай болушу мүмкүн?

- Демилгечилер мамлекеттик сатып алуулар тутумуна электрондук соода аянтчалары эрежесин кигизүүнү Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуу жөнүндөгү келишимдин талабы катары жүйө келтиришүүдө. Бирок, андай талап жок. Анда "ЕАЭБге мүчө мамлекеттер 2015-жылдан баштап электрондук сатып алууларга жана аукциондорго (бааларды төмөндөтүү ыкмасы) өтүшү керек" деп гана жазылган. Ошол але учурда ЕАЭБ жөнүндөгү келишимде "ЕАЭБге мүчө мамлекеттер үчүн мамлекеттик сатып алууларга бирдиктүү мүмкүнчүлүк берүүчү веб-портал болушу керек" деп көрсөтүлгөн. Бизде эки жобо ийгиликтүү иштеп жатат.

- Бул өзгөртүүлөр бюджетке да таасирин тийгизеби?

- Албетте, бул сатып алууларга болгон баанын жогорулашына алып келет. Конкурстун төмөндөшүнүн эсебинен кошумча чыгымдар пайда болот. Маселен, республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарга электрондук аянтчаларды акредитациллоо үчүн жумшалат, ЭСАны (электрондук соода аянтчалары туура иштешин текшерүү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдардын жоболорунун сакталышы), электрондук соода платформасынын маалымат коопсуздугу көзөмөлдөөгө алынат. Мындан тышкары, кошумча чыгымдарды товардын баасына киргизет. Тактап айтканда,бизнес ЭСАнын акредитациясына төлөсө, арыз жазганга берсе, ал сөзсүз товардын баасынан жумшаган акчасын чыгарып алат. Мыйзам Жогорку Кеңештин комитетинде 1-окууда каралып, андан кийин 2-3-окуу да жалпы жыйынга чыгат. Парламентке ишениш жок, буга чейин да (жайкы каникулга кетерде) ушул мыйзамга өзгөртүү киргизишкен.

Булак: Азия News гезити

Последние новости