www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акылбек Жапаров Кыргызстанда канча президент болсо, баардыгы менен иштешкен. Бул тууралуу депутат Мейкинбек Абдалиев бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Мен мурун Акылбек Жапаровду ушунчалык жаман көрчүмүн. Себеби бардык президенттер менен иштешкен. Ал эми, азыр кылып жаткан иштерин көрүп, ынандым. Экономист катары күчтүү адам экен. Жөн жерден президенттер аны менен бирге иштешкен эмес экен.
Бизде жаман пейил бар, министр болобу, төрага болобу, бир аз иштегенде эле кетире баштайбыз. 1-2 жылга жетпей кете берсе, кайсы премьер иштейт? Эгемендүүлүк алганыбызга канча жыл болду, канча адам иштеди? Ал да адам. Иштесин, убакыт берели. Мен кыйратты дебейм, бирок Кудайга шүгүр. Улуттук банкта 45 тонна алтын турат. Анын баары жөндөн жөн болгон жок. Иштеп жаткан адамды сындасаң, анын иштегиси келбейт", — деди депутат.
Белгилей кетсек, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын Министрлер кабинетинин толук курамын кызмат орундарынан бошотуу сунушун депутаттар четке какты.
Фракциянын Министрлер кабинетин кызматтан кетирүү сунушун четке кагуу тууралуу комитеттин чечимин 48 депутат колдоп, 9 депутат каршы болду.
Булак: NazarNews.kg