www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин башына кара булут түнөрүүдө. «Ата Мекен» фракциясы Сегизбаевдин «Белизгейт» маселесине байланыштуу жалган жалаа жапкан деген негизде жоопкерчилигин кароону талап кылууда.
Коомчулукта чуулгандуу иш катары белгилүү "Белизгейт" жаңжалы 2016-жылы декабрда чыккан. УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев " Ата Мекен" фракциясынын депутаттары ӨмүрбекТекебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова "Мегаком" деген аталыш менен белгилүү "Альфа Телекомдун" 50 акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз елкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын жарыялаган. Сегизбаев буга байланыштуу документтерди ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн. Бул маселе боюнча 14-сентябрда парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Өздүк коопсуздук башкармалыгынан жетекчиси Бакытбек Мүсүралиев иликтөө учурунда Белиз өлкөсүнөн кандайдыр бир документтер келбегенин айтты, Сегизбаев болсо «Белизден келген документтерди тактай албай калганбыз», - деп актанууда көздөгөн ыплас иши үчүн жооп бериши керек деген маселе кабыргасынан коюлуп жатат.
Булак: “Фабула”