www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ал машинаны сатып алганда, бүт үй-бүлөбүз менен кубанганыбызды айтпа. Анан кубанбаганда кантебиз, “Гольф-3” машинасын сатып алалы деп атайын машина базарына чыкканбыз таң ата электе. Анын ордуна дээрлик жапжаңы “Мерседес” сатып алып отурбайбызбы. Жылы деле аябай эски эмес, анын үстүнө арзан дагы чыгып калды биздин бактыбызга. Бир жагынан таң калдык "Эмне себептен ушундай арзанга сатып жиберди" деп.
"Биз Россияга соода кылганы шашылып кетип баратабыз, жол киреге, анан анча-мынча товар алганга шашылыш акча керек болуп сатып жатабыз" деп коюшкан. Биз ага ишенип калганбыз. Көрсө, алар калп айтып коюшуптур, кептан баары башкада экен, биз аны кийинчерээк түшүндүк, же тагыраак айтканда, билдик. Мурда мен "Мазда" машинасын айдап жүрчүмүн. "Мерседести" алганда жыргап эле калдым, ичи кенен, таза, комфорт, анын үстүнө сырткы келбети дагы жакшы. Конокко барганда дагы тели-теңтуштарыңдын алдында өзүңдү оңтойсуз сезбей кичине башыңды жогору көтөрүп дегендей. Аны көргөн тууган-туушкандардын баары "жакшы машина экен" деп мактап жатышты. "Канчага алдың?" деп баасын сураганда кымбат бааны айтып коюп аттым. Ошондой баага татыктуу машина болчу, бардыгы ишенип калышты. Аны дайыма жууп тазалап жалтыратып айдап жүрдүм. Анан эле...
Бир жолу алыска конокко барып кечирээк кайтып келатканбыз, оозго эч нерсе алган деле эмесмин. Негизинен мен ичкилик деле ичпейм. Азыркыдай күз мезгили болчу, айлана караңгы, орточо ылдамдык менен үйдү көздөй айдап келе жаткам. Кокусунан эле дал эле бетмаңдайымдан алты жашар бала чыга калып, аны уруп кетгам. Ичинде үй-бүлөбүз менен келатканбыз, аялым, кызым бакырып жиберди. Кудай жамандыктын бетин көргөзбөсүн, мындай дегеле башымдан өтпөгөндүктөн тим эле жүрөгүм түшүп калды. Бирок таң калычтуусу, "тарс" этип машинага урунган үн чыккан жок. Адатта бирөө бир нерсеге урунганда сөзсүз "тарс", "дүңк" деген добуштар угулат го, мында андай болбоду. "Силер чыкпагыла" деп үй-бүлөмдү машинадан чыгарбай өзүм чыктым. Мен негизинен эле машинамды жай айдайм, башкалар сыяктуу катуу айдабайм. "Кудайым кечире көр" деп жалына колу-буттарым калтырай машинаны тегерене бастым. Мээси чачырай, кызыл-жаян болгон бала көзүмө элестеп жатты. Машинамды айланып чыгып алиги өспүрүм баланы эч жерден таппай койдум. Анан бардыгыбыз чыгып ары-бери жакка жарык кыла аны эч жактан көрө алган жокпуз. Бардыгыбыздын жүрөгүбүз ордуна келип, кубанганыбызды айтпа. Кудайга кайра-кайра тобо келтирип жаттык. Жөн гана бардыгыбыздын көзүбүзгө көрүнүп кетги болуш керек деп ойлоп аттык.
Ошол, ошол болду. Арадан бир топ убакыт өтүп, ал окуя акырындап унутулуп бара жаткан. Бир жолу да зайыоым экөөбүз шашылып кетип бара жатканбыз, айланага жаңыдан кеч кирип келаткан. Бирок мурдагыга караганда бул жолу кичине катуураак айдап келаткам. Күтүлбөгөн жерден так эле бет маңдайымда турган тестиер баланы аз жерден сүзүп ала жаздап, чукул буруп жиберип жолдун четиндеги бордюрларды сүзүп токтодум. Жол четиндеги бактарды аз жерден сүзүп кала жаздадым. Бордюрлар болбогондо сүзүп да калат белем? Жанталаша машинамдан атып чыгып алиги баланы издедим, өткөн жолкудай аны эч жерден таппай койдум. Буга аялым экөөбүз тең таң калдык. "Сен көрдүңбү тесгиер баланын турганын?" деп аялымдан сурасам, ал да көргөнүн айтты. Аны эч жерден таппаган соң, таң кала сапарыбызды андан ары улантгык.
Бул жолкусунда болсо мен жалгыз келаткан болчумун, ээн талаада келаткам, тагыраак айтканда, бир айыл менен эки айылдын ортосу болчу. Баягы эле окшош көрүнүш, тестиер бала маңдайымда турат, чочулай катуу тормозду тептим, машинам чыйкылдап барып токтоду. Бир нерседен шек ала сыртка чыгып барып алиги тестиер баланы эч жерден көрө алганым жок. Үйгө келгенде жолдогу болгон окуяны жолдошума айттым.
- Эмне эле болуп жатат, эмне дайыма биздин алдыбыздан алиги көрүмчү бала пайда болуп жатат? - аялым бир нерседен санааркай мага суроолуу карады. Мен болсо жооп таба албай эки ийнимди куушурдум.
Өзүбүзчө үйдөн тогуз токоч баабедин кылып куран да окуттук. Болбоду, алиги бала күтүлбөгөн жерден пайда боло калып, аны сүзгөнүм улана берди. Дагы бир жолу катуу айдап келатсам, адаттагыдай эле дал эле жолдун так ортосунда ал пайда боло калып жатпайбы, тормоз теппей эле урган боюнча токтобой айдап кете бердим. Таң калычтуусу, көп өтпөй кайтадан алдымды тороп туруп калды. Дагы эле токтобой аны сүзө качырып өтүп кетгам. Үчүнчү жолу пайда болгондо, коркконумдан айла жок токтоого туура келди, бирок машинадан түшкүм келбей турду. Бир маалда карасам, бети-башы жарылган тестиер мен жакты карап, бир ордунда былк этпей туруптур. Аны көргөндө ого бетер жүрөгүм түшүп калды. Бирок эмнегедир баланын элеси көзүмө тааныштай болуп атты. Бир аздан соң, ал жок болуп кетти. Сапарымды уланттым. Үйгө барганда аны каяктан көрдүм эле деп эстей албай жаггым. Анан тээ бир топтон кийин эстедим. Ооба, ошол экен. "Бул баланы мен телевизордон көргөм, дал эле бети-башы канжалап өлүп жаткан болчу. Бул баланы белгисиз бир машина караңгыда сүзүп кетип, эч кимдин жоктугунан пайдаланып качып кетиптир" деп телевизордон бир канча жолу көрсөтүп, анын ата-энесин издеп жатышкан болчу. Ооба, дал эле ошонун өзү. Бул окуяны жоддошума айтсам, коркконунан анын көздөрү бакырая түштү, Ал эми анын ээси эбакта машинаны сатып көздөн кайым болгон. Өздөрү айткандай, балким, Россиянын бир жеринде соода кылып жүргөндүр? Ал дарегин жашырып кетпедиби.
Акыркы мезгилде ушундай окуялар кайра-кайра кайталана бергендиктен, машина базарга барып кайрадан сатып жибердик ошол эле баага. Ал акчага өзүбүз издеп барган "Гольф-3" машинасын сатып алдык.
Кудайыма тобо, ошондон кийин ал тестиер бала адцыбыздан чыкпай кадды. Азыркы алган шшинабыз бензинди да аз ичет экен, кез-кез таксилик кылып калам. Кээде алиги тестиер бапа кокусунан чыга калбасын деп чочулап коём, бирок тынч эле. Менден кийинки менин машинамды сатып алган кардарлардын акыбалы кандай болуп атканын билбейм. Ошолорго сары-санаа болом. Алыскы Жалал-Абаддан келип сатып алып кетишкен. Алар ырым-жырымды жакшы билишет эмеспи, дуба кылып, куран окутуп, жол-жоболорун жасап, оң жолго салып алат болуш керек деп ойлоп коём. Мен болсо андай ырым-жырымдарды жасаганды билбейм да. Деги мендеги окуялар башка машина ээсине кайталанбасынчы.
Булак: “Сырдуу дүйнө”