www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Белизгейт» сыяктуу коомчулукта чоң резонанстарды жараткан башка фактылар боюнча А.Сегизбаев “Азаттыкка” берген интервьюсунда АШАга сокбилек менен ургандай катуу тийе турган маалыматтарды да ачыкка чыгарыптыр. Анын айтуусу боюнча, Бишкек жылуулук берүүчү борборун модернизациялоонун айланасындагы коррупциялык иштер УКМКга мурда эле белгилүү болуп, алар тийиштүү документтерди коопсуздук Кеңешинин ошол убактагы катчысы Темир Жумакадыровго беришип, Кеңештин эки жолку отурумунда талкуулашкан да экен. Кеңеште эки ирет талкууланса, анын төрагасы Алмаз Атамбаев аны кантип билбей калсын? Кеңешке барган документ сөзсүз мамлекет башчысына жетет. Демек, УКМК жиберген документтерге ошол убактагы президент Алмаз Атамбаев бөгөт коюп, тергеп-тескөө органдарына жеткирбей койгон. Бул да түз болбосо да кыйыр түрдө АШАнын Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланышкан коррупциялык иштерде жекече кызыкчылыгы болгондугун дагы бир жолу ырастап жатат.
А.Сегизбаев “Азаттыктын” кабарчысынын “силер Белизден келди деген документтердин чындыгын текшербей туруп, президентке көрсөтүп, коомчулукка таркаттыңар эле. Эмне үчүн Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык иштер жөнүндө документти президентке көрсөткөн эмессиңер?” деген суроосуна: “- Коопсуздук кеңеши деген структураны түшүнөсүңөр да, эмне деген кызмат экенин...” деп табышмактантып жооп бериптир. Бул жооптун подтекстинен Коопсуздук кеңешине барган материалды да президент билбей калчу беле. Түшүнүп туруп эле мени жарга такай бересиңерби деген кыйыр жооп ачык эле көрүнүп турат. Же кыйыр түрдө А.Сегизбаев мурдагы жездесин “мочить” этип жатат. Ал ири көлөмдөгү коррупцияларга байланышкан жаңжалдардын бир чети эртели кеч өзүнө да жетерин билип, алдын ала “стрелканы” башка жакка жылдырып жаткансыйт...
Булак: NazarNews.kg