www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын кадрлары Абдил Сегизбаев менен Болот Сүйүнбаевге таандык деген хансарайлардын сүрөттөрү жарыяланды. “Сегизбаев менен Сүйүнбаевдин Орто-Сайдагы сарайлары. Мантай деген бирөө куруп жатат” деген сүрөттүү маалыматты кечээ фейсбукта белгисиз колдонуучу (фейк) чыгарды. Сүрөттөгү үч кабаттуу имараттардын бирөөсүнүн толук курулуп бүтө электиги көрүнүп турат, алардын кимге таандыгын текшерүү азырынча мүмкүн болгон жок. Ал эми, талкууларда Мантай-бажычы Сегизбаев менен Сүйүнбаевге пара иретинде куруп бергени айтылат.

Ал эми Мантай деген ким? Ачык булактарда “Ак-Жол” бажы постунун мурунку начальниги Нурлан Канаевди “Мантай” деп аташаары белгилүү. Анын бажы тармагындагы эң бай адамдардын тизмесинин сап башында тураары, байлыгы 15 млн доллардан ашаары айтылат. Нурлан Канаев-Мантайдын “Елизавета” курулуш компаниясына Азиз Суракматов, Каныбек Нарбаев менен биргеликте ээлик кылаарын 2013-жылы “Де-Факто” гезити жазган. А бирок, жогоруда айтылган Орто-Сайдагы имараттарды ушул Нурлан Канаев-Мантай куруп жатабы, же аты уйкаш башка бирөөбү – так маалымат жок.

Абдил Сегизбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кайниси, эски бийлик тушунда УКМКны жетектеп турду. Ал калп маалыматтарга негизделген “Белизгейт” чуусунун автору жана башкы аткаруучусу катары белгилүү. Болот Сүйүнбаев мурда Алмазбек Атамбаевдин жеке жансакчысы болгон. Ал тажрыйбасынын аздыгына карабай Атамбаевдин эң ишенимдүу адамы катары АКСтин директору, Финполдун жетекчиси кызматтарын аркалап келди. Бул эки кадрдын жогорку бийлик абалдарын кыянат пайдалануу менен Атамбаевдин саясий атаандаштарын куугунтуктоо, капчыктуу бизнесмендерди сыздатуу менен алектенип келгендиги тууралуу маалыматтар көп айтылып келет.

Булак: NazarNews.kg

 

Следующий >
Самын...
Самын...
18.09.2018 22:56

Последние новости