www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Жаңылып, бир нерсе айтып алган болсо, ошону мисал кылып, Кыргызстандын жерин ээлеп алууга ашыгышат», - деди бүгүн, 29-апрелде NazarNews маалымат агенттигине Абдиманап Шайдуллаев.
- Абдиманап агай, Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен «Головной» тилкесинде чыр чыгып, ок атышуу азыр да токтобой жатыптыр. Чырдын чыгышына эмне себеп болду? Тажик тарап эмнеге мындай кадамга барып жатышат?
- Чырдын чыгышына электр мамыларына видео көзөмөл коёбуз, Төрт-Күл суу сактагычынын башына курулуш иштерин баштайбыз деген аракети себеп болду. Жаңжал ошондон тутанып кетти. Башында таш ыргытышып жаткан болсо, ок ата башташты.
- Бул жаңжал жылда болуп келчү чырлардын бириндей элеби же өзгөчөлүгү барбы?
-Өзгөчөлүгү бар. Мурун суу, жайыт талаштан кармаша кетсек, бу сапар алар видео байкоо орнотобуз, суунун башына ээлик кылабыз деген саясат менен атайын чырды чыгарып, жаңжалды тутантууга аракет кылып жатышат.
- Айтмакчы, кечээтен бери премьер-министр Улукбек Марипов Төрт-Күл суу сактагычынын башы тажик тарапка өтүп кеткен деген сөзүнө жооп бериши керек. Ал жаңылып айтып алдым дегени менен абал ошол айткандай боло баштады дегендер чыга баштады го?
- Негизи тажик тарап ар дайым Кыргызстандык чиновниктердин оозун эле карап турушат. Жаңылып, бир нерсе айтып алган болсо, ошону мисал кылып, Кыргызстандын жерин ээлеп алууга ашыгышат. Биздин чиновниктердин жаңылганы алардын эң негизги куралы жана келечекте ишке аша турган саясаты болот.
Чынында буга чейин Төрт-Күл суу сактагычынын башын ээлеп алууга батынышчу эмес. Азыр болсо, катуу киришип, жаңжал аркылуу болсо да максаттарына жетүүнү көздөп, абалды курчутууга аракет кылып, элди башка жактан ташып жатышат.
- Кандайча башка жактан ташып жатышат?
- Биз мурда кийин каршылашып жүргөн кошуналарыбызды тааныйбыз да. Азыркы жаңжалга Тажикстандын башка райондорундагылар тартылган окшойт. Биз тааныбаган адамдар абалды курчутуу аракетин кылышууда. Баарынан кызыгы, жаңжал Көк-Таш айылынын бирде бул башынан, бирде тигил башынан чыгып жатат.
- Тажиктер суунун башына ээлик кылып калууга неге кызыкдар болуп жатышат?
- Алар суунун башын ээлеп, бүтүн Баткен облусун өздөрүнө көз каранды кылып алгылары келет. Ошондой эле Лейлек районун анклавга айлантууну көздөп жатышат.
- Мындай абал кайталанбаш үчүн эмне кылыш керек?
- Чек араны тезирээк такташ керек. Ошондой эле, биздин айылга чек арачы деген статус бериши керек. Ошондо гана биз жерибизди коргоп, тажиктердин өзүнө жараша жооп кайтарып, жете турган жерине жеткирип турабыз.
- Айрымдар бул жаңжалды үчүнчү күчтөр уюштуруп, эки тарапты козутуунун аракетин көрүп жатышат дешет. Ошон үчүн тажик тарап чындыкка коошпогон маалыматтарды таркатып жатышабы?
- Бурмаланган, чындыкка коошпогон маалымат таркатуу Тажикстандын негизги саясаты. Алар дайыма маалымат согушунда ийгиликке жетели деп дайыма ошондой чындыкка коошпогон маалымат беришет. Алар бул аракети менен биздин чек арага чектеш жашаган эл менен бийликти кайраштырып, метрлеп болсо да кыргыз жерин ээлеп, өз максаттарына жетүүгө аракет кылышат. Ошон үчүн дайыма жалган маалымат таркатышат.
- Үч айылга өзгөчө абал киргизилиптир. Ал өзгөчө абал жаңжалды токтотууга салым кошо алабы?
- Биз мыйзамга, өзгөчө абалдын талаптарына, шартына баш ийип үйдө отурганда алар өз билгенин жасап коюшу мүмкүн. Ошон үчүн өзгөчө абал кырдаалдан чыгуунун жолу деп айта албайм.
- Айылдагы аялдар, балдар Баткенге толук чыгарылдыбы?
- Үлгүргөнү чыгып кетти. Үлгүрбөгөнү калды. Анткени, жолдун аркы бети эле тажиктер да. Алар машиналарды аткылап, болушунча тоскоолдук жаратууга аракет кылып жатышат.
Булак: NazarNews.kg