www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абдиманап Шайдуллаев: «Тажикстанга көз каранды эмеспиз»

«Күн сайын 500дөн 3000ге чейин тажик жарандары Баткенге келип, кара жумуш жасап, акча таап кетишчү», - деди бүгүн, 26-майда NazarNews маалымат агенттигине Абдиманап Шайдуллаев.

- Абдиманап мырза, кыргыз-тажик чек арасы жабылганына чек арга чектеш жайгашкан жергиликтүү тургундардын салымы чоң болгондой. Бул сапар бийлик элдин сунушун эске алып, туура чечим кабыл алдыбы?

- Бийлик бу сапар элдин каалоосун, талабын эске алып, туура чечим кабыл алды. Бейкүнөө адамдарды кырышканы үчүн эл Тажикстанга эч нерсе өткөргүсү келбей турат. Ошон үчүн элдик көзөмөлдү күчөтүп, «өлгөн балдардын каны жерге сиңе электе контрабанданы баштадыңарбы» деп эч нерсе өткөртпөй катуу турушту. Бийлик да чек араны жапты. Чек ара такталып, маселе чечилгигенче жабык турганы эле оң болуп турат.

- Кыргыз-тажик чек арасы жабылганы зарыл нерселер өтпөй калып, кыйналып калган жоксуңарбы?

- Чынында Тажикстандан алар эч нерсебиз деле жок. Тагыраагы, Тажикстанга көз каранды деле эмеспиз. Алар көмүрдү да, күйүүчү майды жана башка нерсенин баарын Кыргызстандан алышат. Ал турсун күн сайын 500дөн 3000ге чейин тажик жарандары Баткенге келип, кара жумуш жасап, акча таап кетишчү. Азыр алар да Баткенге кире албай калды. Чек аранын жабылганы бизге маселе деле жараткан жок. Тагыраагы, тактоо иштери бүткүчөктү тартипти катуулатып, чек араны жаап коюшканы туптуура эле болду.

- Чек арага чектеш жайгашкан айылдарга чек арачы деген статус берип, курал бериш керек. Ошондо эл өзүн да, чек араны да коргойт деген сунуштар айтыла баштады. Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?

- Туура сунуш айтылыптыр. Чынында аскерлер келгиче кыргыздын бейкүнөө жарандарын атып салган учурлар болуп эле келген. Ошондой эле, жерлерибизди басып алабыз дегендерге каршылык көрсөткөндөрдү кыргыздын карапайым эли жолубузду тосту, чырды ушулар баштады деп болгон дооматтын баарын бизге оодарып келишкен.

Ошон үчүн чек арага чектеш аймактардын баарына болбосо да, жок дегенде ар бир айылдан 20дай адамга чек арачы деген статус берип, аскерде кызмат өтөп, курал кармаганды билгендерге жана мергенчилерге курал берсе, тажиктер кыргыздын карапайым жарандары эмес, чек арачылары тосуп турат деп кооптонуп, каалаган күнү чыр чыгарбай, тартипке келип, тынч жашап калышмак.

- Коомчулукта карапайым адамдарга курал берсек, аны башка максаттарга пайдаланып алышса кантебиз  деген кооптонуу да күч болуп жатат го?

- Куралды үйгө кармабай чек арачылар турган аскердик бөлүккө кармаса неге кооптуу деле болбойт. Ошон үчүн ал маселеден кооптонбой деле койсоңор болот. Биз да ар бир нерсеге жоопкерчилик менен мамиле кылабыз.

- Баса, Тажикстан оор беренелер менен издөө салган Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитов Орусиядан кармалыптыр. Былтыр май айында кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкканда эки тараптан тең ок атылып, Мажитовдордун үйү өрттөлгөн экен. Үйү өрттөлгөнү аз келгенсип, Тажикстандын оор кылмыштары менен да айыпталып жатыптыр. Мажитов Кыргызстанда туруп, кандайча Тажикстандын оор беренелери менен айыпталып жатат?

- Эсенбай Мажитов Баткен районунун Көк-Таш айылынын Тажикстандын Чорку айылы менен чектешкен талаштуу аймагында турат. Былтыр май айында кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкканда эки тараптан тең ок атылып, Мажитовдордун үйү өрттөлгөн. Кийин ал үй жергиликтүү элдин колдоосу менен жана Камчыбек Ташиевдин жардамы менен калыбына келген.

Негизи Эсенбай Мажитов эч кандай кылмыш кылбаса да, талаштуу жерде жашаганы үчүн жана Жеңиш Раззаковдун коркутканына карабай бул жер Тажикстандын жери деген кагазына кол койбогону үчүн Тажикстандын оор беренелери менен айыпталып, эл аралык издөө жарыяланып, камакка алынып жатат. Чынында Эсенбай эч кандай кылмыш кылган деле эмес. 

Айтмакчы, Тажикстан чек арага чектеш жашаган бир канча кыргыз жарандарына түрдүү айыптарды коюп, оор беренелер менен иш козгоп, эл аралык издөө жарыялатып койгон деп укканбыз. Эсенбай камакка алынганы биз уккан маалымат чын экен деген жыйынтыкка келип жатабыз.

- Жеңиш Раззаков бул жер Тажикстандын жери деп кол кой деген кагазга элдин баары эле кол койду беле?

- Алардын ормон опузасынан корккондор кол койгон. Коркпогондор кол койбой койгон. Кол койбогондор Тажикстандын оор беренелери менен айыпталып, минтип ак жеринен камакка алынып отурат. Бийлик кийлигишип, өз жараныбызды сактап калышы керек. Тажикстанга экстрадициялатпаш керек. Ал оор берене менен айыпталгыдай кылмыш деле кылган эмес. Болгону, Раззаковдун айтканына көнбөй койгону үчүн айыпталып, башына балээ үйүлүп жатканын түшүнүп, араачы түшүп өз жараныбызды сактап калышыбыз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости