www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арабдар менен иштешкендер арабдын, түрктөр менен иштешкендер түрктүн биздин өлкөгө пайдасы тийбеген ар кандай саясий, диний, “заказдарын” аткарбай атуулдук ар-намысты бекем кармап иштешсе болбойбу?! Мындай пикирин жазуучу Абдымамбет Сариев Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

"Биздин айрым жарандар чет мамлекеттер менен иштешүүдө саясий, диний маселе боюнча алардын тапшырмасын аткарган, акча үчүн эл-жерин саткан марионетка болуп, ичтен иритип, “өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман” болуп, бийликтин да, элдин да айласын алты кетирүүдө.

Эл  аралык мамиледе арабдар менен иштешкендер арабдын, америкалыктар менен иштешкендер америкалыктардын, түрктөр менен иштешкендер түрктүн, орустар менен иштешкендер орустун, өзбектер менен иштешкендер өзбектин, кытай менен иштешкендер кытайдын ж.б. элдер менен иштешкендер өз чөнтөгүн толтуруу үчүн ал элдердин биздин элге, жерге, өлкөгө пайдасы тийбеген, кайра зыяны көп ар кандай саясий, диний, “заказдарын” аткарбай, кайра аларды Кыргызстан үчүн, элибиз үчүн дипломатиялык чеберчиликти, ийкемдүү мамилени колдонуп, атуулдук ар-намысты бекем кармап, патриоттук дем-күч менен иштешсе болбойбу?!

Чет мамлекеттер менен эл аралык деңгээлде иштеше бергиле! 

Бирок, Кыргызстандын эгемендиги, өнүгүп-өсүшү, элибиздин тынчтыгы, ырыс-ынтымагы, токчулугу, кыргыздын сакталып калышы саясаттан да, динден да, өмүрдөн да бийик тураарын эстегиле мекендештер!", - деп жазган Абдымамбет Сариев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости