www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалпы эл учурдагы кырдаалды туура баамдап, адашуудан сактанып, калыстыкка барбаса, өлкө бийлиги чечкиндүү кадамдарга барып, тиешелүү Жарлык чыгарбаса эртең кеч болот! Мындай пикирин жазуучу Абдымамбет Сариев билдирди.
"Эгерде биз – Кыргызстандын эли ушундай темп менен ызы-чуудан баш арылбай кете бере турган болсок, анда туңгуюкка кептелип, саясий-диний-жарандык чыр-чатактарга туш келип, руханий, экономикалык, саясий кризиске кептелип, шорубуз кайнап, келечек муундардын убалына калабыз.
Саясий, диний ызы-чуудан, бөлүнүп-жарылуудан арылып, ырыс-ынтымакка келүүнүн, жаркын келечекке багыт алуунун бир жолу – акылман элибиз ызы-чууга бериле бербей акыйкаттыкты туу тутуп, калыстыкка барып, ак менен караны ажыратып, ошого жараша мамиле жасап, өлкө бийлиги болсо элге чындап күйүп, рефрмалоочу кадамдарды жасап Жарлык чыгаруусу аба менен суудай зарыл болууда!
Биринчиси, чет мамлекеттерден каржыланган, алардын тапшырмасын аткарган диний жана саясий коомдордун, фонддордун жана башка уюмдардын, сайттардын, радио-теле берүүлөрдүн, окуу жайлардын, жеке адамдардын жүргүзгөн ишмердүүлүктөрүн текшерүү жөнүндө;
Экинчиси, чет мамлекеттерден ар кандай жолдор, ыкмалар менен каржыланган диний жана саясий коомдордун, фонддордун жана башка уюмдардын, сайттардын, радио-теле берүүлөрдүн, окуу жайлардын, жеке адамдардын алган акчаларын кандай максатта жумшап жаткандыгын текшерүү жана ошого жараша чара көрүү жөнүндө;
Үчүнчүсү, “дин тутуу эркиндигин, сөз эркиндигин, демократияны пайдалануу эркиндигин, аз улуттардын укугун коргоо” жана башка “эркиндиктерди” жана “укуктарды” колдонуу аркылуу мамлекет ичинде саясий, диний маанайда анархиялык иштерди жүргүзүп, элдин ырыс-ынтымагын кетирген, Конституцияга, аракеттеги Мыйзамдарга каршы иш кылган, кыргыздын салтына, тарыхына, улуттук кийимине, жашоо образына каршы диний, саясий маанайда чабуул коюп, элди бөлүп-жарып, диний-жарандык чыр-чатакка жана саясий ызы-чууларга жол ачкан уюштуруучуларга чара көрүү жөнүндө;
Төртүнчүсү, динди пайдалануу аркылуу бир улуттун кийимин, дүйнөгө болгон улуттук көз карашын, Жаратканга болгон жаркын ишенимин жок кылып, башка улуттун кийимин, тарыхын, маданиятын, жашоо образын таңуулап, тынч турган элди руханий жактан бөлүп-жарган, диний көз караш аркылуу кыргыз улутунун ынтымагын ыдыратып, ата менен баланы, эне менен кызды, бир туугандарды, досторду, жердештерди душмандаштырган радикалдуу диний кадамдарды жасаган коомдордун, фонддордун, уюмдардын жана уюштуруучу лидердердин ишмердүүлүгүн токтотуу, окуу жайларды жабуу, теле-радио берүүлөрдү, китеп, гезит жана башка сайттарды текшерип, иретке келтирүү жөнүндө Жарлык чыгаруусу.
Бул кадамдарды жасоо үчүн өлкө бийлиги чечкиндүү түрдө Жарлык чыгарып, турмуш жүзүнө ашырбаса, жалпы эл кырдаалды туура баамдап, калыстыкка барбаса көпчүлүктүн анархиялык дүрбөлөңгө азгырылган азыркы учурдагы абалы, башаламан ызы-чуулуу маанайы, “эртең баары кеч болоорун” сездирүүдө!",- деп жазган Абдымамбет Сариев.
Булак: NazarNews.kg