www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Агай, экс-президенттерди кээ бир артыкчылыктарынын ажыратуу демилгесине сиз кандай карайсыз?

- Өзү бул мыйзам ошол кездеги саясый курч кырдаалда кабыл алынган, муну баарыбыз эле билебиз. Аскар Акаевдин авторитардык бийлиги өркүндөп турган мезгилде күчкө салып эле кабыл алдырып коюшкан. Экс-президенттерге жомоктогудай жеңилдиктерди берүү чынында эле ашыкча. Жансакчы, бардык коммуналдык кызматтардын мамлекеттин эсебинен бекер болгону, резиденцияда жашаганы, медициналык тейлөө укугу, дача...

Дүйнөлүк практиканы карап көрсөк, АКШда, Европанын бардык өлкөлөрүндө, Малайзия, Япония, Таиланд сыяктуу Азиянын кээ бир аймактарында кепилдик жөнүндө сөз да жок. Экс-президенттер элден чыккан кишилер катары кайра эле көпчүлүктүн катарына кошулуп, өзүнүн пендечилик турмушун өткөрүп жүрүшөт. Биз эле каадаланып, өзгөчө жеңилдиктерди берип, кайра аны кубалап...

- Анда сунушту колдойт турбайсызбы?

- Эгерде чынында эле Кыргызстандын экономикасын көтөрүп, идеологиясын түптөп, мурда болуп көрбөгөн кайра жаралуу доорун жаратып берсе, андай экс-президенттерди эл өзү эле көтөрүп, өмүр бою бапестеп багып алат. Бирок, андайлар жок да бизде. Боло элек. Мындан ары болот деген үмүтүбүз бар.

Ошондуктан, депутат Жеңишбек Токторбаевдин көтөрүп жаткан демилгеси абдан маанилүү. Ага рахмат айтышыбыз керек. Бул долбоор комитеттерден ачык-айкын талкуудан өтүшү керек. Элдин талкуусуна чыгып жатканы да дурус экен. Ошондуктан, мен бул демилгени колдойм. Эл өкүлү туура эле сунушту киргизген.

Булак: Азия News гезити

Последние новости