www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адамдар түлөө өткөрүү аркылуу Кудайдын кудуретин сезишкен. Мындай пикирин жазуучу Абдымамбет Сариев билдирди.
"Кыргыздар байыртадан бери эле кандайдыр жакшылык же жамандык окуялар күтүлгөндө же болгондо айыл-айылы менен, көпчүлүк элдин катышуусу менен түлөө өткөрүп, Кудайга жалбарышкан, суранышкан, тилек тилешкен, кечирим сурашкан.
Мисалы, жаан жаабай күн кургакчыл болгондо же жамгыр тынбай жаай берип, сел каптап түшүмгө зыян келгенде, оору-сыркоо каптаганда, жер титирегенде, уруш-талаш чыкканда ж.б. ар кандайокуяларды жеңилдетүү же алдын алуу үчүн чогулуп улак союшуп, улак табылбаса эчки союшуп, эгерде булар табылбаса анда кой союшкан. Бирок, койду “оор болот!” дешип улак же эчки табылбай калса айласыздан түлөө кылып, курмандык чалышкан.
Бул көпчүлүк элдин чогуу өткөргөн түлөөсү болуп эсептелип, кургакчыл болсо күн жаап жиберген, жамгыр тынбай жааса үч күн аралыгына жетпей токтогон. Мунун өзү Кудайга кайрылуунун бир жолу болуп эсептелген.
Ал эми жекече алганда адамдар өз үй-бүлөсү менен жакшылыккка же жамандыкка ошол кырдаалга жараша улак түлөө, жан түлөө, тоок түлөө жана жети нан жасап нан түлөө өткөрүшкөн.
Жамааттык түлөөгө жолдон өтүп бараткандар дагы катыша берген. Анткени, “канчалык адам көп болсо, ошончолук Кудайга арыз-муңубуз же алкышыбыз бат жетет” деп эсептешкен.
Ал учурда ичкилик ичкен, ар нерселерди айтып, элдин көңүлүн бурган жана бузган адамдар болгон эмес. Адамдар түлөө өткөрүү аркылуу Кудайдын кудуретин сезишип, бул жаш муундарга Кудай таануу маселесинде практикалык түрдөгү катуу сабак, тарбия болуп, жаштардын эси-көөнүнөн кеткис болуп, жан дүйнөлөрүнө тамга болуп басылган", - деп билдирген жазуучу.
Булак: NazarNews.kg