www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз эли үчүн жана Кыргызстан үчүн “Манас” эмне?

Карапайым кыргыз эли үчүн “Манас” эпос эле эмес, улуттук идеал, улуттук код, улуттук символ, улуттук эталон, улуттук руханий өзөк, улуттук идеологиянын негизи.  Ушундай эле суроолорду Ч.Айтматов боюнча да коюуга болот. “Манасты” бардык эле чет элдик тийиштүү деңгээлде билбеши да, укпашы да мүмкүн, ал биздин ыкшоолугубуздун, камырабастыгыбыздын кесепети, бирок Ч.Айтматовду ар бир прогрессивдүү чет элдик билет. Бул жагынан маселе жок. Ч.Айтматов көзүнүн тирүүсүндө эле өзүнө эстелик орнотуп, дүйнө элдерине көркөм чыгармалары менен өзүн эле эмес, кыргыз элин, Кыргызстанды таанытты.    
Эми ушул эки улуу феномендин атын алып, азыркы тапта иш алып барып жаткан академиянын ички структурасында Манас таануу жана Айтматов таануу илимий изилдөө багытында иш алып баруучу негизги бөлүмдөр жаңыланып түзүлдү. Эл аралык деңгээлде жаңы форматта ири долбоорлордун үстүндө иш жүрүп жатат. Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын элчиликтери чет өлкөлөрдөгү адабият таануу, фольклористика, фольклор, антропология, этнография багытындагы илимий, маданий чыгармачыл уюмдар, мекемелер менен байланыш түзүлдү (Москва, С-Петербург, Новосибирск, Якутск, Улан-Удэ, Горно-Алтайск, Абакан, Кызыл, Уфа, Казань, Элиста, Ташкент, Баку, Улан-Батор, Пекин, Дели, Үрүмчү, Астана, Стамбул, Тарту, Рига, Минск, Берлин, Бонн, Париж ж.б.). Ошондуктан, алдыда аткарыла турган республикалык да, эл аралык да маанидеги иштер көп. Албетте, аларды турмушка ашыруу үчүн белгилүү  шарттар жана жагдайлар зарыл.


Анда эмесе, сөз орду менен болсун. Кыргыз элинин жана Кыргыз Республикасынын намысы да, аброю да, руханий дөөлөтү да “Манас” эпосу, жалпы адамзат тааныган Чыңгыз Айтматов жана анын көркөм адабий мурасы экендиги талашсыз. Дүйнөлүк аренага маданият, руханият багытында биз ушул эки феномен менен гана чыга алабыз. Анан ушул эки руханий дөөлөттүн негизинде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын имаратын кандай гана кыйынчылык, тартыш болбосун толук ыраа көрө албастыгыбыз өтө уят иш. Ырас, аталган Улуттук академияга 2019-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилген имарат, салыштырмалуу жаңы имарат болуп эсептелинет, архитектурасы да өзгөчө. Анан ошол дүйнөнү таң калтырган, жалпы адамзаттын материалдык эмес маданий мурасы болуп эсептелинген “Манас” эпосуна жана дүйнөнү багындырган Чыңгыз Айтматовго мындай имаратты арнабаганда кимге арнамакчыбыз? Же бул эки руханий дөөлөт азыркы тапта ээлеп турган имаратка татыксызбы деген суроо туулат.  Мунун баарын биз эмне үчүн кеп кылып жатабыз? Себеби, аталган имаратка көз арткандардын саны күндөн күнгө көбөйүп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун ортого салып, улам бир мамлекеттик мекемелердин жуучу жибергендеринин аягы суюлбай келет.

Ал эми азыркы тапта, 2022-жылдын 24-декабрынан тартып (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-декабрындагы №333, чечими менен), мыйзамсыз жол менен 3/2 бөлүгүн ээлеп жаткан Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо мамлекеттик агенттиги аз келгенсип, “Бишкек-Сити” аттуу долбоорунун жетекчилиги да Улуттук Академиянын имаратына көз артты да калды. Кыргыз Республикасын, кыргыз элин дүйнөгө дүңгүрөтүп тааныткан “Манас” менен Чыңгыз Айтматовго арналган Улуттук академиянын имаратын жайына коюшса экен деген илгери үмүт. Элибизге, өлкөбүзгө аянбай кызмат кылып келген Айкөл Манас менен Чыңгыз Айтматовдон жакшыбызды аяйбызбы? Минтип жатып, дүйнө жүзүнө, дүйнө элдерине эмне дейбиз? Бул маселеге карата материалдуу дүйнөнү руханий дүйнөдөн өзгөчө жогору коюп, Улуттук Академиянын имаратына көзү түшкөн мамлекеттик айрым мекеме жетекчилери эмне дээр экен? “Манас” менен Чыңгыз Айтматовго бул имарат көптүк кылып жатат дейбизби, же? Бул маселе менен жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарына жана башка тийиштүү органдарга да кайрылдык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости