www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров министрлердин орун басарлары жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы аткаруучулук тартипти чыңдоо, мамлекеттик кызматкердин этикасын сактоо, маанилүү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө кесипкөйлүктү жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин Төрагасы жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Руслан Татиковго сөгүш жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости