www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Air Astana жана FlyArystan компаниялары Орусияга айрым каттамдарын убактылуу токтотту. Бул тууралуу казакстандык маалымат сайттар жазып чыкты. 

Билдирүүгө караганда, аталган компания каттамдын токтотулушунун себебин “өндүрүш маселеси” менен түшүндүргөн.

Азыр Air Astana Нур-Султан-Алматы-Москва багыты боюнча каттамдарды ишке ашырып жүрөт. Башка шаарларга каттамдары жок.

Буга чейин эл аралык санкциялардан улам Орусиянын "Аэрофлот" жана S7 Airlines компаниялары эки өлкө ортосундагы каттамдарын токтоткон.

Шаршембиде "Аэрофлот" жана "Россия" авиакомпаниялары эл аралык каттамдарын токтоткон. Анын алдында Росавиация 6-марттан баштап чет өлкөлүк реестрлерде катталган учактары бар авиакомпанияларга Орусиядан башка өлкөлөргө, 8-марттан тартып чет жактан Орусияга каттамдарын токтотуу кеңешин берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости