www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө баарын тынчсыздандырган Орусия-Украина окуялары кыргызстандык жарандарды да ойго салууда. Айрым учурларда эки жаатка бөлүнүп бири Украина тарап болсо, экинчиси Орусияны колдоп, коомдо ар кандай карама-каршы пикирлер жаралууда. Аталган темадан четте калбаган Фейсбук колдонуучусу Төлөгөн Сулаиманов өзүнүн баракчасына пикирин билдирген.

 - Украина-Орусия тиреши күн санап күчөп баратат. Украина эгемендиги менен мамлекетинин бүтүндүгүн коргосо, Орусия келечек коопсуздугу менен дымагын коргоп жатат.

Чынын айтыш керек, англоамерикалык НАТОнун орустарды көздөй жылышы Орусиянын коопсуздук саясатына каршы. Мына ушундан улам кайсы бир тарап абсолюттук чындыкка эгедер деп айтыштын өзү акылсыздык. Эки тараптын тең өз чындыгы бар. Өз позициясын коргоп жатышат. Дал ушул себептерден коомчулук эки жээкке бөлүнүп бири орусту, бири украиндерди колдоп жатат.

Эми бизге келели. Ушул кезге чейинки Акаев баштаган президенттердин баары Орусия менен ар багыттагы келишимдерге кол койгондо, "Орусия Кыргызстандын стратегиялык жана экономикалык өнөктөш мамлекети" деген кагазга кол тамга калтырышат. Тилекке каршы, Украина менен "стратегиялык өнөктөш" деген документ кабыл алынганын билбейт экенбиз. (Мен бул жерде кайсы бир мамлекетке жан тартайын деген оюм жок, болгону реалдуу чындыкты моюундагым келет.)

Миллионго жакын мекендештерибиз Орусияда тышкы миграцияда. Өлкөбүздүн бюджетине барабар болжолдуу 2,5-2,7 миллиард доллар миграциядан келет. Анын он пайызга жетпегени гана башка мамлекеттердеги мигранттардан келбесе, токсон пайызга жакын каражат Орусиядан которулат. Дал ошол сырттагы миграциядан келген каражаттар Кыргызстанды социалдык чыңалуудан сактап, эл той-аш берип, аймактарга кабаттап үй салып, катар-катар машине минип, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларындагы жаңы турак-жай, имараттар ошолордун эсебинен курулуп жатат.

Ушундай кырдаалда Кыргызстандын позициясы кандай болушу керек? Эл аралык жана мамлекеттер аралык келишимдерди айтпаганда да, социалдык базабыздын чама чаркын көрүп туруп, "Украинага даңк" деп кантип кыйкырабыз? Биз Украинаны колдош үчүн тегерегибиздеги авторитардык, отуз жылда араң бирден президент алмаштырган Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан демократиялуу болуп, Европадагы эң алдынкы Франция, Германия, Италия сыяктуу кубаттуу өлкөлөр курчап турса кыйкырсак болот.

Бирок биз, демократиялуу өлкө катары жана Эл аралак донорлор менен тыгыз иштешкен мамлекет болгон соң, жарандык коомдун оозун басып, Украинага тилектештик билдирген адамдарды кодулоо мыйзамсыз экенин да эстен чыгарбашыбыз керек. Менимче азыр биздин бийлик тышкы саясатта туура эле позицияда бара жатат. Мисалы, кече эле Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кремлде туруп жалпак тил менен айтканда "Тараптардын тирешүүсү эки өлкөгө эле эмес, дүйнөгө катастрофа алып келиши мүмкүн, анын акыркы кесепети жаман. Тезирээк диалогго келгиле. Макул десеңер биз аянча болуп берели. Бизде Армения-Азербайжан, Рахмон-Абдулло Нури боюнча тажрыйба бар. Согуш эч кимге жакшылык алып келбейт",- деди. Мындан артык кандай позиция болуш керек? Дүйнө коомчулугунун бир бөлүгү катары биздин Украин-Орус маселесинде менимче мындан артык позиция болбойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости