www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ күнү чек арада Баткен районунун акими менен Тажикстандын Исфара районунун жетекчиси ортосунда жолугушуу болуп, эки тарап – туруктуулуктуу сактоо, провокацияларга алдырбоо, тактала элек тилкелерде жаңы курулуш баштабоо тууралуу дагы бир жолу макулдашты.
А бирок кечээ жана мурдагы күнү тажик тарап чек арага аскерий техника топтой баштаган жана Кыргызстандын чек ара боюнча өкүлү алар менен байланышканда, ал жөн эле тажик аймагындагы жер которуулар деген жооп берилген. Акыркы бир нече айдын ичинде Орусия өз аскерлерин Украинанын айланасында чогулта баштаганда, алар дагы – өз аймагыбызда биз канча аскерди кай жакка кантип жылдырууну өзүбүз билебиз деп келген.
А бирок бүгүн Лейлек районундагы чек арада ок атышуу чыкты жана жараат алгандар бар. Былтыр апрелде бир күндүк согуш менен тажик аскеринин чабуулу – Москванын макулдугусуз башталбайт эле. Азыр дагы тажик тарап – Украинадагы согуштун айынан Москвадагы маанай өзгөрүп кеткенче чек ара маселесин күч менен чечип алууну көздөп алгандай.