www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чынгыз Айдарбеков Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясына мүчѳ парламенттердин эл аралык иштер боюнча комитеттеринин тѳрагаларынын видео конференция форматындагы алгачкы отурумуна катышты. Бул тууралуу Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин бөлүмү билдирди.

Ошондой эле иш чарага Турция Улуу Улуттук Жыйынынын Тышкы иштер боюнча комитетинин төрагасы Акиф Чагатай Кылыч, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Тышкы жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Самад Сеидов, Казакстан Республикасынын парламентинин Мажилисинин Эл аралык байланыштар, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрайымы Айгүл Куспан, Өзбекстан парламентинин Олий Мажлисинин Тышкы иштер жана региондор аралык мамилелер боюнча комитетинин төрайымы Дилором Файзиева, Венгриянын Улуттук Ассамблеясынын Тышкы иштер боюнча комитетинин Төрагасы Жолт Немек катышты.

Айдарбеков жыйында сүйлөгөн сѳзүндѳ Түрк тилдүү өлкөлөрдүн тарыхый, маданий жана тилдик жалпылыгы тыгыз өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн, ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, салттуу достук мамилелерди чыңдоонун негизи болуп саналаарын белгиледи. "Кыргызстан демилгелеген, түрк мамлекеттери тарабынан толук колдоого алынган жана ЮНЕСКО тарабынан дүйнөлүк маданий мурас катары таанылган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эң сонун мисалдардын бири болуп саналат. Көчмөндөр оюндары бул спорттук мелдеш гана эмес, эң негизгиси маданий - жайылтуу функциясын да аткарат. Ошондуктан оюндардын алкагында Түрк элдеринин маданиятын жана искусствосун кеңири жайылтуу биз үчүн чоң мааниге ээ. Белгилей кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Түркиянын Изник шаарында өтөт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши ТүркПАга мүчө мамлекеттердин парламенттери менен кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берет. Ушуга байланыштуу, учурдагы пандемиядан кийинки каатчылыкта, дүйнөлүк коопсуздук жаатындагы өзгөрүүлөр мезгилинде, тѳрагалардын жолугушуусу кызматташтыкты мындан ары да ар тараптуу тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн абдан маанилүү",- деди депутат.

Ошондон улам, кызматташтыкты мындан ары чыӊдоо жана ѳнүктүрүү максатында конкреттүү иш чаралар планын түзүү сунушталды.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости