www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызда “Карыныма эмес, кадырыма ыйлайм!” деген макал бар. Каныбек Осмоналиев кызматка эмес, өзүнүн кадырына күйүп жатат! 

2014-жылы мартта “Калыс Ордонун” мектебинин жер аянтын коррупцияланган жергиликтүү чоңдор мафия болуп, “бул жерге мектеп курууга болбойт, суу чыгып кетет!” деп участокко айландырып, ар бир 4 сотых жер аянтын 4 миң доллардан сатып киргенде, айылдын эли мектеби жок как талаада кала турган болгондо, мен 17 дарекке арыз-кат жазганда депутаттар да, Өкмөт да, Президент көңүл бурбай каттар бөлүмү аркылуу кайра эле ошол шаардык, райондук деңгээлдеги мафиоздордун колуна тийгенде, байкуш эл айласын таппай турганда азыр Каныбек Осмоналиевди шылдыңдап, кысымга алып тургандар кайда эле?

Жазылган арыздардан жыйынтык чыкпай турганда дал ушул ал кездеги депутат Каныбек Осмоналиев 2014-жылдын 14-апрелинде мектеп кура турган аянтка келип, эл менен жолугушуп, КР Жогорку Кеңешинин сессиясына коюп, КР Жогорку Кеңешиндеги Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинен “Калыс Ордого” мектеп куруу жөнүндө 2 жолу чечим чыгартып, артынан түшүп, Өкмөткө тапшырма берип, өзү катуу көзөмөлдөп 4 жолу айылга келип эл менен жолугушуп, акыры мектепти курдуртуп берген. Ага бөлүнгөн 3 млн АКШ долларын фирманы алып келген мектеп жетекчилиги, жергиликтүү бийликтегилер өөнөп жеп, акыры камалганы камалып, камалбаганы буйтап кетип сыртта калган...

Ошол кезде биздин элдин арызын эч ким укпай жергиликтүү бийликтеги акчалуу чоңдор кутуруп, жалпы элди кемсинтип кордоп, мектептин жерин четинен кертип сатып кутуруп турганда, байкуш карапайым эл эмне кыларын билбей айласы кетип турганда жардам берген, колдоп-коргогон, эл үчүн күйгөн ошол кездеги депутат Каныбек Осмоналиевди эмне үчүн биз азыр аны ар ким талап, кысымга алып жатканда талаага таштап коюшубуз керек?

Каныбек Осмоналиевдин бир кылганын кылбагандар, кара курсагын тойгузгандан башка колунан эч нерсе келбегендер, эл үчүн бир тыйынча иш бүтүрбөгөндөр азыр аны шылдындап, кордоп жатканы жанды күйгүзөт!

Абдымамбет Сариев, жазуучу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости