www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр ДЭУ-24түн жетекчиси иштен алынды

Транспорт жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева Эпкин - Баш-Кууганды жолунун абалы менен таанышкандан кийин бул долбоорду көзөмөлдөгөн Жумгалдагы Жол оңдоо башкармалыгынын (ДЭУ-24) жетекчисин жумуштан алды. Мунун алдында аталган райондо айрым жергиликтүү тургундар жолдун абалына нааразы болуп жол бууган эле.

Министрлик тараткан маалыматка ылайык, бул жолду оңдоп-түзөөгө Азия өнүктүрүү банкы жетиштүү акча берген, бирок ДЭУ-24 тийиштүү иштерди жасаган эмес.

Эпкин - Баш-Кууганды жолун курууга байланыштуу тендер ушул жылдын март айынын аягында жарыяланган. Анда беш компаниядан арыз түшкөн. Транспорт жана коммуникация министрлиги учурда Азия өнүктүрүү банкы менен тендерге байланыштуу тактоо иштери уланып жатканын билдирди.

Эпкин-Баш-Кууганды тилкеси түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун бир бөлүгү.

Кыргыз өкмөтү ушул жылдын башында аталган тилкени куруп жаткан италиялык «Todini Costruzioni Generali Company» ишканасы менен келишимди бир тараптуу токтоткон. Буга келишимдин шарттарын бузганы себеп болгонун маалымдаган.

"Балыкчы–Кочкор–Чаек–Арал–Казарман–Жалал-Абад" багытындагы 433 чакырымдык жол өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири.

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун 200 чакырымга жакыны жол такыр түшө элек тилкелерден өтөт. 2014-жылы башталган, жалпы наркы 850 миллион долларлык долбоордун инвесторлору – Кытайдын Эксимбанкы менен Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости