www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

15-декабрдан тартып президенттик шайлоонун үгүт иштери башталды. Ал эми эл болсо дагы деле 18 талапкерлердин кимиси президенттик такка татыктуу экенин чече албай келишет.

Кыргыз Республикасынын президенти кандай болушу керек жана кандай талаптарга жооп бериши керек деген суроого жазуучу Абдымамбет Сариев төмөндөгүчө жооп берди:

«Кийинки президент 7 нерсени жасаса тарыхта жакшы ат менен калат:

1. энергетиканы толук улутташтырса.

2. 1991-жылдан бери жер-кен байлыктарына берилген лицензияларды жараксыз кылса.

3. чек араларды толук тактаса,

4. 2-3 жылда чет элдиктердин карызынан кутулса.

5. байыркы кыргыз тамгасын мектептерге сабак катары киргизсе.

6. саясатты, шайлоону аралаштырбай, илим-билимге (мектеп, ж.б. окуу жайлар) катуу көңүл бурса.

7. элди бөлүп-жарган партиялык системаны жоюп, коңшу өлкөлөр зыяндуу деп тапкан диний агымдарга тыю салса.

Ошондо гана элдин ишенимин актап, тарыхта изи калат», - дейт ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости