www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандыктар орусиялык депутаттарды элден кечирим суроону талап кылышууда. Буга орусиялык депутат Вячеслав Никоновдун биринчи каналдагы сүйлөгөн сөзү түрткү болгон. Анда ал Казакстандын суверендүүлүгүнө шек келтирген.

Орусиялык депутат Вячеслав Никонов: «Казакстан жок болчу, ал эми түндүк Казакстан таптакыр отурукташкан эмес. Ооба, алар бар болчу, бирок түштүк тарапта гана. Казакстандын аймагы Россия жана Советтер Союзу тарабынан берилген эң чоң белек», — деп айткан.

Андан соң депутат Евгений Федоров кесиптешинин айткан сөзүн колдоп, «Бул жагдайда Казахстан аймагын Советтер союзунан конкреттүү көлөмдө ижарага алган. Балким анын аймагынын 100 пайызын, бирок бул процесстин деталдары. Кааласаңар, кеткиле, жолдош Назарбаев, Токаев, Тышкы иштер министрлиги.

Макул, чемоданыңарды алып, территорияны, Верный шаарын (Алматы) жана башка нерселерди берип чыгып кеткиле. Аймакты бошоткула жана Казахстаныңарды Америкага барып куруп алгыла. Алар айтат: «А биздин аймагыбыз жок кайда барабыз?», — деп. А биздин кандай тиешебиз бар? Силер бизден көз боёмочулук кылып батир ижарага алгансыңар. Эми биз менен урушууну чечтиңер. Биздин батирден чыгып кеткиле», — деген.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости