www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кабулдагы жарылуудан тогуз жаза болду

Ооганстандын борбору Кабулдагы жарылуудан кеминде тогуз киши кайтыш болду.

Өлкө бийлигинин маалыматына караганда, жекшембиде парламент депутаты Хан Мухаммад Вардакка кол салуу болгон.

Депутаттын колоннасы Кабулдун Хушал Хан районунан өтүп баратканда автоунаа жардырылып, андан жол боюндагы машинелер, имарат жана дүкөндөр да катуу зыян тарткан.

Жарылуудан 20дай киши, анын ичинде депутат жаракат алган.

Ооганстандын ички иштер министри Масуд Андараби депутаттын абалы түзүк экенин журналисттерге билдирди.

Бирок курмандыктардын саны дагы өсүшү ыктымал экенин, каза болгондордун баары жөн-жай тургундар экенин айтты. Ооган бийлиги жардырууну айыптады. Ал үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости