www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Эң чоң өксүктөрдүн бири - бизде чыныгы демократиянын баалуулуктарын түшүнгөн президенттин келбегени", - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахаб Нурбаев.
--"Эң чоң өксүктөрдүн бири - бизде чыныгы демократиянын баалуулуктарын түшүнгөн президенттин келбегени. Демократиялык процесстерди толук жүргүзө албадык, көз карандысыз институттарды толук тургуза албадык. Ачык жана эркин экономикалык саясатты жүргүзө албадык. Биз Советтер союзунан чыккандан киийн бул аймакта биринчилерден болуп Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп киргенбиз. Ошону толук колдоно албадык.
Кыргызстанда Чыңгыз Айтматов, Азамат Алтай, Ишенбай Абдразаков, Салижан Жигитовго окшогондой күчтүү адамдарыбыз аз болуп калды. Биз эгемендүүлүк алганда, алар демократтар деп чыгып, эгемендик алды да, ошол жерде токтоп калды", - дейт эл өкүлү.
Булак: NazarNews.kg