www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде депутаттар Кыргыз Республикасы менен Кувейт фондунун ортосундагы Ысык-Кɵл айланма жолунун Корумду—Балбай участогун реконструкциялоо долбоору жɵнүндɵ кредиттик макулдашуунун долбоорун карашты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган маселе боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлү Нурланбек Кыянбаев маалымат берди. Анын айтымында, Кувет фонду жолдун курулушуна 29,8 млн доллар бөлүп берүүдө. Бул акчаны кайра төлөп берүү мөөнөтү — 25 жыл.

Талкуу учурунда депутат Абдывахаб Нурбаев жолдун ар бир чакырымына канча каражат сарпталарын сурады. Н.Кыянбаевдин маалыматы боюнча, 3-категориядагы жолдорду курууга 400-600, экинчи категорияга 1-1,5 млн, жаңы жолдорду салууга 2 млн доллардан көбүрөөк акча кетет.

А.Нурбаевд бул өтө кымбат экенин айтты.

«Эң көп каражат энергетика менен жолго кетүүдө. Бирок жолубуз да, энергетикабыз да оңолгон жок», - деди Нурбаев.

Депутат А.Артыков Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун ар бир чакырымынын курулушуна канча каражат сарпталып жатканына кызыкты. Ал Кыргызстандагы жолдордун курулушун эң коррупциялашкан долбоорлор катары сыпаттап, аларды кылдат текшерип чыгууну сунуштады.

Талкуунун жыйынтыгында комитет Ысык-Кɵл айланма жолунун Корумду—Балбай участогун реконструкциялоо долбоору жɵнүндɵ кредиттик макулдашуунун долбоорун колдоду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости