www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын президенти тескерисинче, бизге келиши керек эле. Мындай пикирин саясат талдоочу, конфликтолог Азамат Темиркулов айтты.

--"Азыр Тажикстан ар тараптан кыйын абалда турат. Ооганстан менен чектешкен түндүк тарабынан чек арасын «Талибан» кыймылынын жоочулары басып алды. Кыргызстан менен чек арасы жабык турат. Биздин президент ушул жагдайды өзүбүздүн улуттук кызыкчылык үчүн пайдаланышы керек. Себеби биздин өлкө Тажикстандын агрессиялык кол салуусунан жабыркады. Алар биздин тынч турган элге кол салды. Биздин тургундардын үйлөрү талкаланды. Мындайда Тажикстандын президенти тескерисинче, бизге келиши керек эле. «Кечирим сурайбыз, чек араны ачыңыз, тигил жакта акыбал ушундай болуп жатат», — деши керек эле.

«Талибдер» менен болгон согуш Тажикстандын чек арасындагы эле абалды эмес, өлкөнү ичинен да алсыратат. Себеби ошол террордук күчтөрдүн тарапташтары Тажикстандын ичинде да бар.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости