www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар 2021-жылдын январь-май айларындагы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча маалыматтарды угушту.  

Бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин отурумунда депутат Мурадыл Мадеминов, Райымбек Матраимов иштеп жатканда «Иркештам» жана «Торугарт» бажы посттору боюнча канча жүк ташуучу машиналар канча өткөнүн Бажы башчысынан сурады.

--«Райымбек Матраимов иштеп жатканда «Иркештам» жана «Торугарт» бажы посттору боюнча канча жүк ташуучу машиналар өткөн? Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Самат Исабековдун айтымында, жылдын башынан бери «Торугарт» бажы постунан 1 362 (бир миң үч жүз алтымыш эки) жүк ташыган унаа–ал эми «Иркештамдан» - 2 632(эки миң алты жүз отуз эки) жүк ташуучу унааа өткөн. Сиздер билесиздер, жылдын башында 2-4төн 10 бирдикке чейин автолор өтүп жаткан. Бүгүн аба-ырайынын шарттарынын оңолушу менен «Торугартта» 30-35 ке чейин жүк ташуучу машиналар өтүп жатат. «Иркештамда» ушул эле көрсөткүчтөр. Андан тышкары «Иркештамда» Өзбекстанга да катташат» – деди, Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Самат Исабеков.

Депутат Мадеминов: --Сиз мага айтыңызчы, сыртынан «Раим-миллион» аталган Райымбек Матраимов иштеп жатканда «Иркештам» жана «Торугарт» бажы посттору боюнча канча жүк ташуучу машиналар өткөн? Эми канча өтөт, экөөнүн ортосундагы айырмасын табыш керек» -деди парламенттин депутаты...

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Самат Исабеков: --Ал кезде күнүгө «Торугарт» бажысынан 70 – 100 жүк ташуучу машиналар өтүп турган. Ушундай эле көлөмдө «Иркештамда» өтүп турган. Азыр экөөнүн ортосунда айырма чоң бар, мурункуга караганда 70 пайызга азайды.

Депутат Мадеминов: --Демек, «Раим-Миллион» жакшы иштеген мыкты менеджер экен да?...

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Самат Исабеков: --Туурасы сиздин айтканыңызда чындык бар!  

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Самат Исабеков: --Мейли жакшы болот, Раим кетти, андан кеңеш алып, пайлаланып турса болчудай экен... деди депутат.

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Самат Исабеков: --Эгер туура багыт берсе, сөзсүз болот…

Депутат Мадеминов: --А эмне үчүн пайдаланбайсыздар?

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Самат Исабеков: --Биринчиден, пандемия шарттары мүмкүнчүлүк берген жок, экинчиден, мурун башка механизмдер болгон...

Депутат Мадеминов: --Бул аргумент эмес, бардык бизнесмендер Казакстан жакка өтүп кетишти.

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Самат Исабеков: -- Туура айтасыз, ошол үчүн мен айтып жаткан инвестициялык климаттты оңдош керек, -деди бажы башчысы, депутат андан кантип оңдош керектигин сурады:

--Сиздер күндөн–күнгө өз позицияңарды жоготуп жатасыңар, кантип оңдош керек? Өкмөттүн маалыматы боюнча жылдын аягына чейин да- бул өнүктүрүү программасын ишке ашырууга жетише албайсыздар. Жарым жыл бул эми бүттү дегендикке жатат, сентябрда келесиздер да жана да өзгөртүүлөрдү кийирүүнү суранасыздар. Сиздерде башка жол жок. Мен дайыма Өзбекстандын инвестициялык программасын карап турамын – акимдер менен прокурорлорду бизнесмендерге байлап коюшкан. Аким жана прокурорлор инвесторлорго келишип, аларды ким текшергенин, эмне көйгөй турганын сурашат. Аким менен прокурорлор көйгөйлөрдү чечишет. Эгер кандайдыр бир чечилбеген салыктар боюнча маселелер туула турган болсо, муну бийлик чечет. Албетте, аларды көздөй инвесторлор агылып турат. А бизде болсо кандай, Акаевдин заманынан бери: «Мага 10 пайыз берсеңиз, иштей бериңиз» деген принцип колдонулат. Ошол үчүн бизде инвесторлор калбай баратат. Акыркы мезгилде билишимче түрктөр кетишти. Ал эми 10 пайыз кала берди. Эми кыргыздар сыртка кете баштады, ай өкмөт десе, өз өлкөсүнөн Кыргызстандын жарандары кете баштады. Ошондуктан сиздердин маалымдамаларыңызга эмне деп айтарымда да билбейм. Сиздер өнүктүрүү программасына эч нерсе кошпой туруп, алып келдиңиздер. Мен де башка сөз жок». –деди Мадеминов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости