www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абу-Даби — Бишкек жаңы аба каттамы ачылат

1-июндан тарта Wizz Air Abu Dhabi авиакомпаниясы Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби багыты боюнча эки өлкөнүн борборун бириктирген үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачууну максат кылууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэрпортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Манас» аэропортунан Бириккен Араб Эмираттарынын борборуна үзгүлтүксүз каттамдар биринчи жолу аткарылмакчы.

Каттамдар Airbus Neo 321 учактары менен жумасына 3 жолу — шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости