www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттары Медер Алиев менен Улугбек Карыпбек уулу комитет жыйынында кайрадан кайым айтышты.
Бири-бирине акараат келтирип, былжыраба, сен акылдуу, мен акылдуу деген деңгээлге чейин түшүп, уят болушту. Албетте, парламентте полемика болуп туруш керек. Бирок сый-урматтын чегинде, талкууланып жаткан теманын айланасында жүрүш керек.
Булар жекеликке чейин өтүп, бирин-бири кемсинтип, басынтуу, кыйындыгын көрсөтүп үстөмөндөп, өмгөктөп “минип алуу” аракетин көрүшкөнү көпчүлүктү иренжитти.
Албетте, эл өкүлү өздөрүнүн сүйлөгөн сөзү, жүрүм-туруму аркылуу элге үлгү болуш керек. Булар тескерисинче, Жогорку Кеңештин, депутаттын кадыр-баркына көлөкө түшүрүп, аброюн кетирүүгө өбөлгө болуп жатышканын туйбай жатышканы өкүндүрөт.
Бири чоюлуп, бааланып, ыңгыранып сүйлөп, өзүнөн башканын баары кем акыл жалгыз өзү акылдуудай образ жараткысы келсе, экинчиси, эмоцияга алдырып албуутанып көчөдө жүргөндөй оройлонуп, сабырсыздыгын көрсөттү.
Өткөндө эле экөө кызыл чеке болушканда, “эр чекишпей бекишпейт” деген элек. Төрага Марлен Маматалиев экөөнү жараштырып, элдештирип жатты эле. Арадан бир жума өтпөй “абысындар айтышын” башташты. Көрсө деңгээл болбосо, куру челек катуу калдырайт тура. Ошол үчүн акылман элибиз, “суу куйбагын толбоско, акыл айтпа укпаска” деп таамай айтыптыр.