www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарына жумуш сапарынын жүрүшүндө Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын «Бирдиктүү терезе» бөлүмүнүн иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев «Бирдиктүү терезе» тутумунун иштөө системасын тааныштырды. Бөлүм жарандардын арыздарын кабыл алат, «Бирдиктүү терезе» тутуму Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин борбордоштурулган программасына кошулган.

«Бюрократиялык процедуралар убакыттан уттуруп, жарандардын нааразычылыктарына алып келет. Карапайым жарандар, ишкерлер кандайдыр бир документтерди алууда ыңгайсыздыктарды сезбөөгө тийиш. Буга мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн алкагында мамлекеттик органдар тарабынан көп иштер багытталган», – деди премьер-министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости