www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2019-жылдын 7-октябрынан тартып, 11-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 131- чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдирди.
"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы Боом капчыгайында таштарды күч менен кулатуу иштерин улантат.
Таштарды кулатуу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 2019-жылдын 7-октябрынан тартып, 11-октябрга чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун камсыз кылуу Башкармалыгы тарабынан саат: 9-00 дөн 15-00 гө чейин автомобиль жолу маал-маалы менен жабылып турат.
Эскерте кетсек: таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.
Булак: NazarNews.kg