www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кемпир-Абад иши боюнча камалып, ачкачылык кармап жаткандардын ичинен он киши тамак иче баштады. Алардын арасында бул ишке айыпталып жаткан алты аял да бар. Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, ушул тапта төрт киши ачкачылык кармоону улантып жатат. Мекеме алардын аты-жөнүн айткан жок. Алар Орозайым Нарматова, Равшан Жээнбеков, Перизат Суранова, Чыңгыз Капаров болушу мүмкүн...
Эскерте кетсек, 23-24-октябрда өлкөдө оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Көбү 13-декабрдан тартып каршылык иретинде ачкачылык кармап баштаган.
Ички иштер министрлиги камактагы адамдар Жазык кодексинин «Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык» беренесинин негизинде кармалганын билдирген.
Булак: NazarNews.kg