www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркстан облусундагы Толебий районуна караштуу Узынарык айылында ачкачылык жарыялаган беш активисттин экөөнүн абалы начарлап, тез жардам кызматы чакырылды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы кабарлады.

Активист Нуржан Абилдаев төрт күндөн бери суу гана ичип жатканын билдирди. Анын айтымында, кант диабети менен ооруп, кан басымы жогору болгондуктан, ачкачылык жарыялагандан эки күн өткөндөн кийин өзүн жаман сезе баштаган.

– Тез жардам кызматын чакырууга туура келди. Дарыгерлер кан басымым жогорулап кеткенин айтышты. Мен ооруканага жатуудан баш тарттым, бирок ачкачылыкты токтотпойм, – деди ал.

Активисттер интернетке тез жардам кызматы келген учурда тартылган видеотасманы жарыялашты. Анда дарыгер Нуржан Абилдаевдин кан басымын өлчөп, артериалдык басымы 140/90 экенин айткан.

Мындан тышкары ачкачылык жарыялаган Ерлан Файзуллаев аттуу активист да өзүн жаман сезип жатканын билдирген. Дагы үч активист – Жанмурат Аштаев, Мурат Байдаулетов жана Ермек Конышбаев – азырынча абалдары канааттандыраарлык экенин айтышууда.

Өткөн жумада Алматы, Нур-Султан, Орол, Чымкент шаарларында жана Түркстан облусунда жашаган 20 активист "Көчө партиясын" каттоодон баш тартуу боюнча былтыр кабыл алган соттун чечимине каршылык билдирип ачкачылык жарыялаган. Алар соттун чечимине укуктук баа берип, аны жокко чыгарууну жана абакта отурган бул саясий уюмдун мүчөлөрү менен тарапташтарын боштондукка чыгарууну талап кылып жатышат.

Эске салсак, 1-июнда Чымкенттин Каратау райондук соту "тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышууга" айыпталган активисттерге карата өкүм чыгарган. Ага ылайык, Ерлан Файзуллаев менен Нуржан Абилдаевдин ар биринин эркиндиги бир жарым жылга чектелген. Мында тышкары дагы бир активист Жанмурат Аштаев "Мыйзамсыз маңзат алып жүрүү" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, эркиндиги эки жылга чектелген.

Былтыр Нур-Султандын Есил райондук соту "Көчө партиясын" "экстремисттик уюм" деп таанып, өлкө аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости