www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстан тышкы саясатында эч ким менен өтө жакын мамиледе болбойт. Мындай пикирди эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул билдирди. 

--"Кызматташтык динамикалуу өнүгүп жатат, жакшы жылыштар бар деп айтуудан алысмын. Мунун негизиги себеби, Түркмөнстан тышкы саясатында эч ким менен өтө жакын мамиледе болбогон турумду карманып келгенинде. Андан тышкары, чек араларыбыз да чектешпейт. Геосаясат, коопсуздук жаатында балким мурда кеңешүүлөр болгон чыгаар. 1990-жылдары Ооганстанда талибдер бийликке келген кезде Түркмөнстан Борбор Азиядагы мамлекеттерден айырмаланып, талибдердин бийлигин тааныган.

Мындан аркы кызматташтык жөнүндө айта турган болсом, албетте мамилени чыңдай бериш керек. Ар тараптуу сүйлөшүүлөр, кызматташуулар болууга тийиш. Ошентсе да, Кыргызстан менен Түркмөнстан бири-бирине көз каранды, кызматташууга өтө муктаж деп айта албайм", -дейт эксперт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости