www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азамат Темиркулов:

Тажикстан учурда эки тараптан (Кыргызстан менен чек арасы жабык, Ооганстан тараптан «Талибандар» негизги бекетти ээлешти, — ред.) экономикалык блокадага кабылды. Мындан улам Орусия өз кызыкчылыгы үчүн Кыргызстан аркылуу Тажикстанга товар өткөрүп турууну көздөйт. Мындай пикирин саясат талдоочу, конфликтолог Азамат Темиркулов айтты.

Белгилүү болгондой, 21-июнда Кыргызстанга Орусия президентинин администрациясынын жетекчи орун басары Дмитрий Козак келген. Аны Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кабыл алган. Эксперттер бул жолугушууда Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларынын жабык турганы талкууланган болушу мүмкүн деп болжошууда.

Себеби 22-июнда "Талибан" террордук уюмунун согушкерлери Ооганстан менен Тажикстандын түндүк чек арасындагы ондогон районду басып, ооган-тажик чек арасындагы негизги бекет — "Шерхан Бандарды" ээлеп алышкан. Бул бекет аркылуу Тажикстанга Иран, Пакистан, Түштүк Азиядан чоң импорттук товар келип турган. "Талибдер" ал жерди басып алгандан кийин товар агымы токтоду. Ошондуктан Тажикстан азыр экономикалык блокадага кабылды. Түштүк тарабынан Кыргызстан менен чек арасы да жабылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости