www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Түркмөнстандын ийгиликтери менен жетишкендиктерине чын жүрөктөн кубанат, деп билдирди Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 28-июнда Ашхабадда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен кеңейтилген форматтагы эки тараптуу сүйлөшүүлөр учурунда.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендейт, эки өлкө лидерлери кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык, отун-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү өз ара кызматташууну талкуулашты.

«Кыргыз-түркмөн кызматташтыгы жигердүү өнүгүүдө, биздин өлкөлөрдүн ортосунда саясий карама-каршылыктар жок. Кыргызстан менен Түркмөнстан жакын достор, стратегиялык өнөктөштөр жана боордош өлкөлөр», - деди Жапаров.

Анын айтымында, акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы көп кылымдык тарыхка, жалпы каада-салттарга, тектеш тилге жана маданий-руханий мурастарга негизделген достук жана бир туугандык мамилелер узак мөөнөттүү стратегиялык кызматташуунун жаңы деңгээлине көтөрүлдү. Саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү документтерди камтыган эки тараптуу келишимдик-укуктук база ырааттуу өсүүдө.

Садыр Жапаров Кыргызстан Түркмөнстан менен эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө багыт алган курсун толугу менен карманарына дагы бир жолу ишендирди, эки тараптуу өнөктөштүктүн чоң потенциалын мындан ары да чыңдоо, өнүктүрүү үчүн күч-аракетин болушунча жумшоого даяр экенин билдирди.

«Эки бир тууган элибиздин тарыхый жана руханий тамыры терең, тилдери менен маданий салттары окшош. Аларды сактап калуу, ошондой эле кыргыз-түркмөн гуманитардык байланыштарын мындан ары да тереңдетүү өзгөчө мааниге ээ. Эки элдин руханий жактан жакындашуусу кыргыз-түркмөн элдеринин ортосундагы достук жана ынак коңшулук салттарын бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн эске алуу менен, коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаал жакшырганда, өз ара Маданият күндөрүн өткөрүүнү сунуштайм», - деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости