www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ачык саясат» гезитинин журналисти Нуркыз Бакасова бүгүн, 12-августка Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» журналист өзү билдирди. Атайын кызматтан ал 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча күбө катары маалымат берерин айтышкан.

-Мен Кой-Ташта журналисттик ишимди аткарып жүргөм. Бирок мени эмне үчүн суракка чакырып жатканы түшүнүксүз болуп жатат, - деди ал.

УКМК журналист Нуркыз Бакасованын суракка чакыртылышы боюнча азырынча комментарий бере элек.

«Ачык саясат» гезитинин редактору Назгүл Мамытова жана күйөөсү Фархад Борукеев да 11-августта УКМКга сурак берип чыгышкан.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Амантур Жамгырчиев соттун чечими менен 8-октябрга чейин камакка алынды.

Кой-Ташта 7-8-август күнү Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурундагы окуялар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова баш болгон бир нече киши суракка чакырылды. Учурда КСДПнын дагы бир мүчөсү Рита Борбукеева сурак берип жатат, деп "Азаттык" жазып чыкты.

Эске салсак, 8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн, сүйлөшүүлөрдөн кийин кармашкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости