www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адахан Мадумаров жинденип, комитет жыйынынан чыгып кетти

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында жинденип чыгып кетти.

Отурумда Евразия өнүктүрүү банкынын Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун бюджетти колдоо үчүн 160 миллион доллар кредит алуу келишимин ратификациялоо каралып жаткан.

Мадумаров каражаттын кайда кайсы багытта жумшаларын сурап, бирок канааттандырарлык жооп ала алган эмес. Ал биринчи окууда өкмөткө эскертүү берип, ийне-жибине чейин түшүндүрүп жазып келишин талап кылганын айтты. Бүгүн да суроо бергенде жооптуу кызматкерлер каражат эмнеге сарпталарын айтып бере алышкан жок.

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков кредиттин 70 пайызы Энергетика министрлигине кайра кредиттөө жолу менен, калганы Туризм фонду жана "Кыргыз индустрия" мамлекеттик ишканасына берилерин билдирди.

Так жооп албаганына нааразы болгон Мадумаров ратификациялоо мыйзамын артка кайтарууну сунуштады. Документ экинчи жана үчүнчү окууда каралып жаткан. Добуш берүүгө келгенде көпчүлүк депутаттар келишимди колдоду. Андан соң Мадумаров үчүнчү окууну кийинкиге жылдырууну сунуштады эле кесиптештери макул болгон жок.

"Өзү негизи кээ бир кишилердин катышып отурушунун деле кажети жок болуп калды. Сунуш берүүнүн да, сүйлөөнүн дагы кажети жок. Биз көппүз, билгенибизди кылып кете беребиз деп калдыңар", — деп кагаздарын жыйнап залдан чыгып кетти.

Мындан кийин комитеттин жыйыны Адахан Мадумаровсуз уланды.

Последние новости