www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан быйыл тынчтык жана ынтымактын орногонунун 25 жылдыгын белгилөөдө. Быйыл Улуттук биримдик майрамы 27-июнда өтөт.

Өлкө үчүн тарыхый окуянын чейрек жылдыгы 2022-жылга – өлкөдө жана дүйнөдө чыңалуу күчөп жаткан маалга туш келди. Тажикстандын президенти элине кайрылуу жасап жатып, мындай маалда ар бир тажикстандыкты биримдиктүү болууга жана мамлекет менен коомдун коопсуздугун камсыздоого чакырды.

Улуттук биримдик күнүнө карата ар түрдүү иш-чаралар өтөт. Бир нече жыл мурда Согуш музейин же согуш курмандыктарына арналган эстелик тургузуу идеясы жаңырган. Бирок бул жана "Согуштун курмандыктарынын ак китебин" же Курмандыктардын улуттук тизмесин түзүү демилгеси жыйынтык бере элек.

Тажикстанда жарандык согуш 1992-жылы башталып, 1997-жылы аяктаган. Анын жүрүшүндө он миңдеген киши өлгөн.

Последние новости